Кулжа 05, 2025
Убакыт: 08:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.100
1.135

Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандарты кабыл алынды

03.06.2025 14:12
74
Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы стандарты кабыл алынды


«Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» жаӊы Мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, жаңы стандарт – КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-майындагы №257 токтомунун негизинде кабыл алынган.


Ал балдардын 1 жаштан 6 жашка чейинки ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздоого, мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле бардык мекемелер үчүн бирдиктүү талаптарды киргизүүгө багытталган. 


Мурунку стандарт 18 бөлүм, 85 пункт, 2 тиркеме, 52 беттен турса, бул жолкусу алда канча кыскарып - 5 бөлүм, 30 пункт, 3 тиркеме жана 31 беттен турат. 


Анда мектепке чейинки курактагы балдардын төмөнкү негизги компетенттүүлүктөргө ээ болушу каралган:


- Эмоционалдык-инсандык;

- Таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк;

- Социалдык-коммуникативдик;

- Маалыматтык-санариптик. 


Ошондой эле балдар менен психологдун жана логопеддин сабактары зарылчылыкка жараша жекече жана топтук түрдө өткөрүлөт деп белгиленет маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн