Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Мектепке күчүк алып келген баланы тилдеген мугалимге чара көрүлөт

16.02.2023 13:40
587
Мектепке күчүк алып келген баланы тилдеген мугалимге чара көрүлөт

Мектепке күчүктү көтөрүп келген окуучуну тилдеген мугалимге чара көрүлөт. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.


Маалым болгондой, окуя Кадамжай шаарындагы Б. Айтматов атындагы мектепте болгон. Социалдык тармактарда тарап, талкуу жараткан видеодо мектеп окуучусу класска күчүк көтөрө келип, илгичке илип койгонун көрүүгө болот. Аны көргөн мугалим баланы тилдеп, директорго алып жөнөгөн. Тасмада ошондой эле окуучунун “экинчи кайталанбайт” дегени бар.


Социалдык тармактын колдонуучулары мугалимдин аракетин аша чапкандык деп баалап, анын дарегине сын-пикирлер жааган. Мындан улам Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев мугалимге тиешелүү чаралар көрүлүп, эскертүү берилерин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн