Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Мектепте окуган кыздар жоолук салынбаш керекпи? Министрликтин жообу

26.01.2021 13:50
1663
Мектепте окуган кыздар жоолук салынбаш керекпи? Министрликтин жообу

КРдин Конституциясы жана “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу. Бул тууралуу министрликтн басма сөз кызматы билдирди.


КРдин Өкмөтү 2015-жылдын 12-августунда КРдин жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын мектеп формасына карата Бирдиктүү талаптарды бекиткен. Аларга ылайык: 


эркек балдар үчүн мектеп формасы ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат, ал эми кыздар үчүн классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджактан турат;

окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш, ал эми окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек;

спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.


    Өкмөттүн аталган чечиминде баш кийим (калпак, жоолук, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр камтылган эмес.


Ошондуктан, билим берүү системасы жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүү. 


Билим берүү уюмдарынын администрациялары көрсөтүлгөн себептерден улам окуучулардын билим алуу укугун чектебеши керек. Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон калкка сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасоосу кажет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ильяс Муратбеков
Жоолукка тийишпегиле. Батыштан акча алып алып эоолук салынтпайбыз деп НПО лор катуу иштеп атышат. Жоолук ар кимдин оз каалоосу. Тем более, Аллах буйурган милдеттендирип мусулмандарга.