Мектеп кызматкерлеринин көпчүлүгү эмдөөдөн өттү, ошого байланыштуу жаӊы окуу жылында мектептер толук ачылат. Мындай пикирин Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө мектептердеги жана бала бакчалардагы кызматкерлердин дээрлик 70 пайыздан ашыгы эмдөөдөн өткөн. Ошол себептен 1-сентябрда мектептерди толук ачууга негиз бар.
Андан тышкары окуучулардан бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбай турганын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн