Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Мектептерде 2-6-класстарды окутуу үчүн атайын талаптар иштелип чыкты

05.10.2020 14:06
1195
Мектептерде 2-6-класстарды окутуу үчүн атайын талаптар иштелип чыкты


2-6-класстарды кадимки тартипте окутууну кайра баштоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мектептерге санитардык-гигиеналык талаптар иштелип чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-октябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, сентябрь айынын башына салыштырмалуу коронавирус боюнча жаңы катталган учурлар көбөйүп жатат. 


"Тийиштүү шарттарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, оффлайн режимде физика-математикалык сабактарды гана өткөрүү сунушталат, ал эми гуманитардык багыттагы сабактар аралыктан окутуу формасында улантылат", - деди Айнура Акматова.


Ал, ошондой эле сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар көбөйгөн кезде, окуу жайларында температуралык тартипти сактоо зарылдыгын белгиледи. 


"Эгерде талап сакталбаса, салттуу түрдө окутуу процесси башталбашы керек", - деп кошумчалады ал. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн