Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:09
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мектептерде акча чогултуу үчүн 7,5 миң сомдон 28 миң сомго чейин айып салуу пландалууда

21.09.2023 13:20
279
Мектептерде акча чогултуу үчүн 7,5 миң сомдон 28 миң сомго чейин айып салуу пландалууда


Кыргызстанда мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып салууну киргизүү пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева коомдук талкууга алып чыкты.

Документте айтылгандай, “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору президенттин 2023-жылдын 26-майындагы УП № 136 “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык иштелип чыккан.

Аталган жарлык менен мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган.

Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүү жолу менен болтурбоого багытталган.

Ошентип, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 741-беренеси менен толукталсын:

“741-берене. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу

1. Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу (1-11-класстардагы мектептер), –

жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 75 өлчөмүндө айып салууга алып келет.

2. Мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүү жолу менен жасалган ошол эле жосун, –

жеке жактарга – 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга – 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет”.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн