Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Мектептерде акча чогултуу жоюлгандан кийин техникалык кызматкерлер, күзөтчүлөр жумуштан кете баштаган

06.09.2023 11:09
835
Мектептерде акча чогултуу жоюлгандан кийин техникалык кызматкерлер, күзөтчүлөр жумуштан кете баштаган


Мектептерде акча чогултуу жоюлгандан кийин техникалык кызматкерлер, күзөтчүлөр жумуштан кете баштады. Бул тууралуу бүгүн борбор калаанын билим берүү уюмдарынын директорлорунун катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында айтылды.


Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева белгилегендей, учурдагы мыйзамдарга ылайык, мектептерде түнкү гана коопсуздук каралган.


«Бирок бүгүнкү күндө борбордун мектептеринде күндүзгү күзөттү уюштуруу маселеси чечилип жатат, анткени бизде окуучулардын контингенти абдан чоң. Бул үчүн каражат каралышы керек, кат жөнөтүлөт. Болгону быйылкы жылдын аягына чейин эсептөөлөр боюнча 49 миллион сом керектелет. Сентябрдын аягына чейин маселе чечилет деп ойлойм. Техникалык кызматкерлер боюнча дагы бир катар сунуштар бар», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн