Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мектептерде экзамендер болбойт. Жыйынтык баа чейректерге карап коюлат

19.04.2021 17:54
947
Мектептерде экзамендер болбойт. Жыйынтык баа чейректерге карап коюлат



Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2020-2021-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо, ошондой эле пандемия маалында бүтүрүүчүлөрдүн саламаттыгын жана коопсуздугун сактоо максатында тиешелүү буйрук чыгарды. Ага ылайык 2020-2021-окуу жылы жалпы билим берүү уюмдарында ушул жылдын 25-майында аяктайт, ал эми 2020-2021-окуу жылы үчүн Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация ушул жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин КР БИМдин 2020-жылдын 11-майындагы №361/1 буйругу менен бекитилген Убактылуу жобого ылайык өткөрүлөт.  Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.



Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация (ЖМА) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча мамлекеттик аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүргөн IX жана XI класстардын окуучулары үчүн ɵткɵрүлɵт.

ЖМА ар бир жалпы билим берүү уюмунун окуу планына ылайык мектептин предметтик комиссиялары тарабынан жүргүзүлɵт.

Предметтик комиссиялар ар бир предмет боюнча окуучулардын учурдагы жана чейректик бааларын жана алардын туура коюлушун карайт. Предметтик комиссиялар жыйынтык бааларды чыгарууда текшерүү иштеринин, практикалык жана лабораториялык иштердин жыйынтыктарын жана окуучулардын чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алат.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн