Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мектептердин кеч ачылышы мугалимдердин айлыгына таасир тийгизбейт

13.08.2021 12:28
1355
Мектептердин кеч ачылышы мугалимдердин айлыгына таасир тийгизбейт

Жаңы окуу жылынын башталышынын жылдырылышы мугалимдердин эмгек акысына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ бөлүмүнүн башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди.


Анын айтымында, КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, балдардын эс алуу убагында мугалимдердин эмгек акылары сакталып калат.


“Жалпысынан министрликтин бюджетинде билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык маянасын жылдык форматта төлөөгө 34 млрд 600 млн сом каралган, анын 29 млрд сому бюджеттен. 28-июлга карата мугалимдердин окуу жылындагы айлык акыларын жана эмгек өргүүсү үчүн төлөнүүчү каражаттарды кошконда 16 млн 600 миң сом каржыланган”, - деп кошумчалады ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн