Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мектепти "Артыкчылык" аттестаты менен аяктаган бүтүрүүчүлөр аныкталды

11.05.2023 09:58
368
Мектепти "Артыкчылык" аттестаты менен аяктаган бүтүрүүчүлөр аныкталды


Кыргызстанда “Алтын тaмгa” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде “Артыкчылык менен” аттестациясын алуу укугуна ээ болгон окуучулар аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ошентип, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын “Артыкчылык менен” алат.

- Баткен облусунан – 14 окуучу;
- Бишкек шаарынан – 76 окуучу;
- Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу;
- Нарын облусунан – 6 окуучу;
- Ош шаарынан – 8 окуучу;
- Ош облусунан – 20 окуучу;
- Талас облусунан – 5 окуучу;
- Чүй облусунан – 21 окуучу;
- Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

Эске сала кетсек, “Алтын тамга” тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 11-класстын 2 миңдей окуучусу катышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн