Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Мектептин директорлугуна сынак кандай өтөт? Министрликтин жообу

13.07.2022 11:28
1364
Мектептин директорлугуна сынак кандай өтөт? Министрликтин жообу


Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызстандагы мектеп директорлук кызматына сынак кандай өтөөрү тууралуу кененирээк айтып берди.


«Мектептин ишинин натыйжасы директордон көз каранды. Жаңы механизм абдан жөнөкөй, түшүнүктүү, адамдык жана коррупциялык факторлорду жана тобокелдиктерди жокко чыгарат. Директорлук кызматка талапкер сынакка катышуу үчүн документтердин пакетин Билим берүү министрлигинин сайтына өз алдынча жүктөйт», — дейт Надира Жусупбекова.


Анын айтымында, тестирлөө системасы толугу менен автоматташтырылган. Мындан тышкары, класстар реалдуу убакыт режиминде видеокөзөмөл жана жазуу менен жабдылат.


Жусупбекова тестирлөөнүн жыйынтыгы талапкерлерге дароо чыгарыларын баса белгиледи. Билими башкаруучулук менеджмент, педагогика, психология, IT-технология, конфликттерди чечүү жана билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актылар предмети боюнча текшерилет.


«Мектептин жетекчиси эң көп балл алган талапкер болот. Босого баллдан жогору балл алгандар ошол райондун же шаардын кадрдык резервине киргизилет. Учурда тесттер текшерилүүдө. Мунун баары мектептерди жакшы кадрлар менен камсыз кылуу үчүн зарыл”, - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн