Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:52
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мелис Аспеков 250 миң доллар алганы үчүн камакка алынды (ВИДЕО)

09.01.2021 12:27
3486
Мелис Аспеков 250 миң доллар алганы үчүн камакка алынды (ВИДЕО)


Жарандык активист, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жакын адамдарынын бири Мелис Аспеков менен Улан Джураев камакка алынды. Бул тууралуу “Кактус медиа” сайты күч структураларындагы булактарына таянуу менен жазып чыкты.


Алар “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигин коркутуу жолу менен 250 миң доллар алган. УКМК болсо М.А. жана У.Д. аттуу жарандар аталган ишкананын жетекчилигин “Финансы полициясы тарабынан текшертип, митинг өткөрүп, тынч койбойбуз” дегендей опузалаган деп маалымат таратты. У.Джураев буга чейин “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоодо ат салышканы кабарланууда. Ал экс-депутат Мурат Жураевдин уулу экени белгилүү.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Дариха Исмаилова
Ушуну көрүшү керек болчу.
Венера
Аспеков ошону кылмак...