Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 21:22
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Мелис Аспеков өзүн негизсиз кармаган деп эсептейт

19.01.2021 09:05
512
Мелис Аспеков өзүн негизсиз кармаган деп эсептейт

Пара талап кылуу боюнча кармалган Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Назира Абышкаева 24.кг агенттигине билдирген.


Анын айтымында, Аспеков кармалгандан бери бир эле жолу сурак болуп, анда ал күбө катары сурак берген.  Аспеков Сыймык Жапыкеевге карата  каршы көрсөтмө берди деген маалыматтар жалган экенин кошумчалады.


"Кармалган учурдан бери шектүү катары бир гана жолу  сурак болду. Мындан кийин тергөө амалдары жүргүзүлгөн жок. Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Менин кардарымдын күнөөсү далилденбегендиктен, кармоонун өзү негизсиз деп эсептейм", - деди Назира Абышкаева.


Белгилей кетсек, буга чейин Мелис Аспеков “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен опузалап акча алып, анын бир бөлүгүн Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеевге бергенин айтып чыкканы маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн