Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:47
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мелис Аспеков менен Джураев Василий Дашковдон акчаны кантип алган? Дашков айтып берди

08.06.2021 13:58
1538
Мелис Аспеков менен Джураев Василий Дашковдон акчаны кантип алган? Дашков айтып берди

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын  мурдагы директору Василий Дашков Мелис Аспеков менен Улан Джураев андан акчаны кантип талап кылганын айтып берди. Бул тууралуу ал бүгүн Биринчи Май райондук сотунда өткөн отурумда билдирген. 


ктябрь айында Улан Джураев келип мени коркутуп, 200 миң доллар шайлоого керек деп кетти. Мен макул болгон эмесмин. Кийин ал Аспеков менен тааныштырды. Аспеков Чүй облустук штабды жетектеп жаткан. Биз акча бербегенден кийин алар митинг өткөрүп коркутуп башташты. Кийин биз 200 миң доллар бердик. Бирок Джураев ал акча жетпей жатканын айтып, дагы 50 миң доллар талап кылды. Аны берип анан укук коргоо органдарына кайрылдым",- деди Дашков


Эске салсак, "Кыргыз темир жолу" ишканасынан 250 миң доллар талап кылгандыгы үчүн Мелис Аспеков мененУлан Джураев кармалып, Джураев айып пул менен бошотулган. Аспеков бүгүнкү күндө СИЗО-1де абакта жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн