Бүгүн раматылык кесиптешибиз Мелис Эшимкановдун туулган күнү, көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак экен. Анын жаркын элесине арналган макалам бар эле, ошону сиздердин назарыңыздарга сунуш кылам.
I
Мелис байке кайтыш болду деген кайгылуу кабарды угуп үйүнө өкүрүп барып, аза күтүү митингине катышып, андан бери эки жыл өтүп, анын азыр бу дүйнөдө жок экендиги айныксыз чындык болсо, ал тууралуу өмүрдөн өтүп кеткен адам катары минтип эскерме макала жазуу мага бир кыйла кыйынга турду.
Биз, 90-жылдардагы кыргыз журналистиканын жаш мууну, теориялык жактан КМУнун журналистика бөлүмүнөн Т.Мамбетсариев, А.Камилов, А.Халилов, А.Асанова сыяктуу агай-эжейлерден билим алсак, практикалык жагынан эң туңгуч эркин гезиттердин бири болгон, таланттуу журналист М.Эшимканов жетектеген «Асабанын» мектебинен өттүк. Чыныгы эркин басма сөз эмне экенин жүрөгүбүз менен туюп, акылыбыз менен аңдап, колубуз менен жаздык.
Лениндик-марксисттик, коммунисттик журналистикадан өтө айырмаланган, эч эрежеге баш ийбеген «эшимкановдук» эгемендик журналистикага чейинки аралык чынында оңой-олтоң болгон жок.
Мелис Эшимкановду студенттик күндөрүбүздө «Ленинчил жаш» гезитине чыккан «Таттыбүбүнүн кызы», «Лауреат курбума кат» ж. б. кызыктуу макалалары аркылуу гана билет элем.
Анан «Жаштык жарчысына» Мелис байке келээри менен «Асаба» болуп аталып, жасалгасы өзгөрүп, жаңы заманды жар кылган макала, интервьюлар менен нускасы көбөйүп, айрым күндөрү университеттин жанындагы күркөдө гезит жок калып, кээде Эркиндик гүлбагына чейин «Асабаны» издеп келген күндөрүбүз болгон. Бир нускасын тапсак группабыз менен кезектешип окуп чыгып, кечкисин жатаканадагылар окучу эле.
Ошондой күндөрдүн биринде француз философ жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Альберт Камюнун «Бунтующий человек» деген чыгармасына шыктанып «Эл эркиндиги» деген (анда өлкөбүз али эгемен боло элек) макала жазып, «Кыргыз маданияты» гезитине берип, туура үч ай күтүп, «саясий-коомдук багыты туура эмес экен» деген жооп алып, анан менден бир курс жогору окуган, «Асабанын» кабарчысы Азимжан Ибраимовго берип жибердим.
Макалам «Асабанын» үчүнчү бетине толук жарык көрүптүр. Сүйүндүм.
Эртеси эртең менен А.Ибраимов жатаканада бөлмөмө кирип келип, мени Мелис Эшимканов кабарчылык кызматка чакырып атканын айтты. Сабакка барбай Азимжан досумду ээрчип эле түз «Асабага» жумушка кеттим.
Бул 1991-жылдын апрель күндөрү эле.
Ошондон 1994-жылы президенттик администрацияга кеткенге чейин баш редактор М.Эшимканов бир да макаламды чийип, кыскартып, түзөп оңдобоптур. Редакциябыз ар күнү жаздын күнкүдөй болуп кулпуруп турар эле. Ката кетирсем, өзүм оңдоп, өзүм мүдүрүлсөм өзүм түздөп отуруп журналистика кесибин үйрөндүм. Сөздүн тунугун, ойдун тереңин, кептин кененин издегенге аракет кылдык.
II
Басма сөздө «Асабанын» арааны жүрүп турган.
Адаттагыдай эле жума күнкү «летучкада» Мелис байкенин кабинетинде отурганыбызда өкмөттүк телефондун үнү ачуу шыңгыр этти. Башкы редактор алик алып учурашып бир аз сүйлөшкөн соң эле, чекеси бырыша түшкөнү байкалды. Сыягы, өйдө жактан болсо керек. Мелис байке дагы бир аз тыңдап туруп, телефонго минтип кесе жооп берди:
– Эми мындай, эгерде бизди сотко бере турган болсоңуз, анда азыр эле сиз тууралуу дагы төрт статья келди. Ошону кийинки санга берелиби-бербейлиби деп талкуулап атканбыз. Сизди соккон укмуш статьялар экен, – деп туруп, бизди карап көзүн жымыңдатып кысып койду да:
– Балдар жаштык кылып давай, дагы төрт санга катары менен беребиз деп атышат. Мен койгула, балдар, эми катуу кетпейли деп атам. Сиз эгер сотко берсеңиз, анда мен да макаланы гезитке бергенге аргасыз болом, – деди да бир аз телефонду тыңдап, пауза кармап, жүзү жылмая түшүп:
– Ии, ошондой дебейсизби анан, биз да гезитке бербейли, сиз да сотко бербеңиз. Жакшы калыңыз, – деп коштошуп туруп, бизге каткырып күлүп:
– Түшүндүңөр да, аны согуп макала чыкпады беле (ал чоңдун аты-жөнүн айтып). Биз коркуп койчудай сотко берем дейт. Өзүн жаман жайлап салдым ээ, силердин көзүңөрчө, – деп дагы бир жолу жарылып каткырып алып:
– Бу чоңдор менен ушинтип гана сүйлөшүш керек , – деди.
Менин журналистикага келгениме жарым жыл боло элек эле. Чын эле чоңдор менен ушинтип гана сүйлөшүү керек го деген ой пайда болду.
…Кудай менен да «сен» деп сүйлөшкөн кээ бир төбөлдөр, не себептен Эшимканов менен гана «сиз» деп сүйлөшөрүн ошондо түшүндүм.
III
1992-жыл болсо керек. Инфляция, кризис эми бизге да жетип, акча каражаты жоктугунан «Асаба» гезити убактылуу жабылып калды. Кабарчылар болсо чоңдор менен байлардын тизмесин түзүп алып бөлүшүп, спонсор издеп жер-жерлерди кыдырып кеттик. Мага Токмок шаары тийди. Жүн ийрип токуу фабрикасы, Авторемзавод, Камволдук-нооту комбинаты, айтор, баарын кыдырдым. Бизге акча бермек түгүл, интервью бергенге чамалары жетпей калыптыр.
Башкалар деле мага окшоп бир тыйын таппай, куржалак келишти. Күндө чогулуп, күндө спонсор таппайбыз. Гезит чыкпаса да, эч кимибиз башка иш издеп кеткибиз келбеди.
Анан күндөрдүн биринде нускасы 77 миң «Дело №» гезитине Мелис Эшимкановдун «Следующим президентом Кыргызстана буду я» деген кенен маеги чыгыптыр. Кийинки Президент болом деген изги ниети бар экенин, анүчүн даярданып жатканын, кадрларды кандай тандай турганын, азыр жумушсуз жүргөндөрдү, бизнесмендерди бийик кызматтарга чакырарын ачык-айрым жазыптыр.
Кудай мындай бербеспи. Эки-үч күнгө жетпей бизге таптырбай жүргөн атка минерлер, байлар жана чоң болом дегендер М.Эшимкановдун кабылдамасына додолоп калышты. Батпай коридорлорго чейин чыгып калышып, кээси биздин кабинетке кирип-чыгышып, айрымдары Мелис байкенин Президенттикке бышып жетип калганын божурашты. Эки ай гезит чыкпай эч ким каттабай калган редакциябызга майрам боло түштү.
Мелис байке да эми жумушка баягыдай бутсы эмес, кара туфли кийип, жинсы эмес, костюм-шым кийип келип кадимкидей салабаттуу көрүнүп, эми бизди кабыл алганга убактысы жетишпей, кийинки дүйшөмбү күнгө араң «планерка» дайындап: «Балдар, номерге материалды даярдагыла, гезит чыкмак болду» – деп кабылдамасынан сүйүнүч кабар айттырып жибериптир.
Дүйшөмбү күнү бизди жадырап-жайнап тосуп алып:
– Журналистикада тың болгонуңар менен бириңер да акча тапканга жарабайт экенсиңер. Мен эч жакка барбай эле «Дело №» гезитине: «Кийинки Президент мен болом» – деп ойноп интервью берип койсом, көбү всерьез кабыл алышыптыр. Эсепке которгонго коркушуп, көбү наличными апкелип атышат, – деп эски чоң сейфин көрсөтүп койду да:
– Эми буйруса гезит жабылбайт, – деп ишенимдүү айтты.
Көп өтпөй Президент А.Акаевге кирип-чыгып, 300 миң рубль убада кылганын айтып, ал үчүн ошондогу финансы министрин телефондон тилдеп атканын өзүм да уктум.
…Биз инвестиция десе эле Кумтөрдүн алтыны, Ысык-Көлдөгү пансионаттар, сатылып кетип аткан жер байлыктарын элестетебиз. Көрсө, М.Эшимкановдун ошондогу интервьюсу өзүнчө эле бир инвестициялык долбоор болуп, «Асаба» гезитине дагы үч-төрт жылга жеткидей каражат таап бергени эсимде.
IV
«Асаба» гезити акыйкаттыктын барометри сымал сезилип, кеңсесине кимдер гана келчү эмес. …Күйөөсүнөн таяк жеп, жаңы конуштагы үйүнөн куулуп чыккан келин, …психбольницадан үйүнө барбай түз эле гезитке статьясын апкелген оорукчан киши, …М.Эшимкановду сүйүп ашык болуп калган И.Арабаев атындагы пединституттун студенткасы, …М.Шеримкуловдун үйүнүн адресин сурап жүргөн тебетейчен карыя, …нашааны каякка сатканды издеген соодагер (бул имаратта антинаркотикалык борбор бар эле, сыягы, ошолор нашаа сатып алат деп ойлосо керек), …агасы менен трактор талашып жүргөн кара-кулжалык фермер ж.б.у.с. Ал эми авторлорун айтсак: азырга дейре реалдуу авторбу же фантазия экени белгисиз – …Сакатай Саак Барчын кызы шок Булбул, …Ак үйдүн тешигинен чыга калган Чокчолой баатыр, …алайлык аалым Бекташ Салан, …теңирден башканы теңине албаган Чоюн Өмүралы уулу, …филологиядан тез эле политологияга ылайыкташа алган, илимге канык С.Жигитов, К.Ибраимов ж. б., …айрыкча Кубат акенин окурмандардын каттарына берген баяндамасы, …ал тургай «Асаба» гезитинин түрмөдө отурган да өз кабарчысы бар эле.
Ал эми редакцияга келип-кеткендерчи: …колтугуна журнал-китеп кысып Качкынбай Осмоналиев, оозунан Конституциялык реформа менен А.Собчакты түшүрбөгөн Ш.Назаркулов, … бирде мактап, бирде сындап идея айтып турган Ж.Жанызак, …авангард сүрөттөрүн бизге байма-бай апкелчү Рамис Рыскулов, ж. б. Алар келсе периштелер келгендей сүйүнүп калчубуз.
Ошондой күндөрдүн биринде редакциянын эшигинен эмес, тешигинен (арткы короодон) кеч күздүн чыйрыктырган таңында жайкы кийимчен таланттуу акын Алик Акималиев кирип келсе болобу. Кабинетте жалгыз элем. Колундагы эски чийбаркыт баштыгын үстөлдүн үстүнө коюп, мени кучактап сүйлөгөндө түкүрүгү бетке чачырап:
– Каныке, сенин ырларыңды окуп жүрөм. Сен журналист болбо, акын бол, – деп туруп менин ырыман эки сапты жатка айтып жиберсе болобу.
– Сенден гениальный поэт чыгышы мүмкүн, – деди. Мен мындай сөздү мурда укпаган жаным аз-маз толкунданып кеттим. – Жаңы ырларыңдан болсо окуп берчи, – деди. Эстей албай койдум.
Дагы бир жолу бетимен өөп туруп:
– Иним, мобу баштыкта алты бош бөтөлкө бар, эми дагы туура он жети бош бөтөлкө тапсаң бир бөтөлкө вино келет. КГБнын маңдайында темир көк дүкөн тогузда ачылат. Тур, барып бир бөтөлкө вино апкелегой, – деди.
Эреркей түштүм эле, эми чыйралып кеттим. Эзели бөтөлкө өткөзүп көрбөптүрмүн, мындай периште акындын көңүлүн калтырганга да болбойт эле. Түшкү тамакка деген акыркы тыйын-тыпырымды Алик Акималиевге берип, көк дүкөнгө өзүн алты бөш бөтөлкөсү менен кошо узатып коюп, троллейбуска түшкөнгө акчам жок, университетти көздөй жөө жөнөдүм.
«Асаба» гезитинин пейили ошондой болчу, …келим-кетимге кенен, ар дайым дасторкону белен, …тайыбыз болбосо да майыбыз болуп, аныбыз жокто наныбыз болуп, …наныбыз болбосо чайыбыз сунулуп, айлык тийген күндөрү пайыбыз да куюлуп, айтор, келгендер көөнү ачылып, ачуусу басылып, кудадан кийит кийип кеткенсип чын дилдеринен ыраазы болуп кетишчү.
V
Мелис байкенин саясаттагы эң ири долбоору – бири «Асаба» гезити болсо, экинчиси – «Бей-бечаралар» партиясы болчу. Кадимки большевиктер партиясынын классикалык үлгүсүндө түзүлүп, идеологиялык өзөгү өтө негиздүү келип, чыныгы кыргыз пролетариаты даяр болуп калган эле.
Булак өзөнгө, өзөн дарыяга, дарыя айланып океан болгон сыңары, М.Эшимканов көтөргөн демилге бара-бара карапайым калктын кеңири колдоосуна ээ болуп, партиянын идеясы, түпкү максаттары так аныкталып, жер-жерлерде баштапкы уюмдары ачылып, гезиттин ар саны чыккан сайын мүчөлөрү миңдеп көбөйүп, чыныгы акыйкаттык үчүн күйгөндөр партиядан башпаанек издеп, патриоттук сезимин козгоп, сөздүн түз маанисинде Мелис Асаналиевич кыргыз бей-бечаралар үчүн Владимир Ильичтей эле көрүнүп, ал тургай революциялык кырдаал жетилип калган болчу.
Мелис байке ал кезде парламентаризмдин духун эртерээк сезсе керек. Ал убакта дежур чалдар, …криминал балдар, …обончу аялдар али саясатка аралаша элек кез. Соттор да адилет болчу. Бийликте азыркыдан билимдүү, тажрыйбалуу адамдар иштечү. Эл болсо Ак үйдө жалаң жакшы адамдар иштейт деп ойлор эле.
Ал кезде коом да таза эле. …Адамдар да аруу беле. …Эл да азыркыдай бөлүнчү эмес. …Гезиттер да ушакты аз жазчу эле. …Сөздүн наркы бийик турчу. …Кыргыз саясаты баёо, …кирсиз, …таза сезилчү. «Моссовет» десе көчөнүн кесилиши эле деп түшүнчүбүз. А болбосо элестетип көрсөңүз, эгер Мелис байке ЦАРИге барбаганда, 2010-жылкы «Бей-бечаралар» партиясы шайлоого катышканда азыркы беш партиядан ашса ашып, бирок кем добуш алмак эмес.
Бирок тагдыр деген бар турбайбы. Адамдын тагдырынан саясаттын тагдыры куралып, анан мамлекеттин тагдыры түптөлөт экен. Кыргыз саясатчылары ушунча аз туруп, ушунча неге көпкө бөлүнөбүз, билбейм.
VI
1993-жылдын күз айы болчу. Башкы редактор кезектеги чогулушта минтип калды.
– Баарыңар бир айдан редактор болосуңар, мен кабинетимди бошотуп берем, – деп бир аз бизди эмне дээр экен дегенсип унчукпай калды. Биз болсо бу Эшимкановдун кезектеги авантюрасы го деп ишенип-ишене бербедик.
– Конкурс кылам, ким жеңип чыкса байгеси 200 миң рубль (стипендиям араң 300 рубль эле), дегенде бири-бирибизди карап жандана түштүк, анан ошо менен бүтпөйт. Мен өйдө жакка жылып кетсем (ошондо эле М.Эшимканов КТРге президент болот экен деген сөз чыгып аткан), жеңип чыкканыңар баш редактор болосуңар, дегенде баарыбыз тең Мекенин боюнан ашып чыгып турган чоң креслону карап, ар бирибиз аруу үмүт менен бир саамга өзүбүздү редактор катары элестете түштүк.
Бир айга болсо да бийлик деген балакет азгырык окшойт. Кечээ эле бир кабинете отуруп, бирге чай ичип, бирге сыр айтышып, бир туугандай болуп калган калемдештер А.Алтымышев, Б.Орунбеков, А.Ибраимов, анан мен эми бири-бирибизге конкурент көрүнүп, шек санашып, шыбырашып сүйлөшүп, эртеңки чыкчу материалдарды бирибизден жашырып, кызганчу болдук.
Оңбогон Мекең, ушинтип ойнотуп туруп, байгени тең бөлүп коюшу мүмкүн деп да ойлодук.
Эшимкановдун авантюралык эксперименти бүтүп, ар бирибиз бир айдан редактор болуп, эми жыйынтыгын чыгара турган күнү кабинетине киргизип, баарын жайгарып айтып, биринчи байге 200 миң рублду мага тапшырды. Бул ошондо жарым үйгө жете турган каражат болчу.
Мелис байке ушундай – күндө изденген, …тапкыч, …мээнеткеч, …идеячыл, …айлакер, …ар кырдуу, …уюштургуч, …беттегенин бербеген, …ар күнүн текке кетирбеген чыныгы чыгармачыл жетекчи болчу.
VII
Бир жылда 365 күндүн баарында тең күн тегиз тийбейт эмеспи. Кээде күн чайыттай тийип туруп эле борошолоп мөндүрлөйт, …боройлоп кар урат, …жумалап жамгыр жаайт. Дал ошол сыңары Мелис байке экөөбүздүн ортобуздагы мамиле да бир кылка болгон жок. Кээде таарынышып, кээде таарынычтан да катуу кеткен учурлар болду. Менин анын баарын көзү тирүүсүндө ачык айтып, жазсам болмок. Азыр анын эч кимге кереги жок. Болгону Мелис байкенин жакшылыктарын, жакшы сөздөрүн, жакшы жоруктарын гана эстегим келди. Андан калса экөөбүз 2002-жылы Америкага бирге барып, чогуу жүрүп, бири-бирибизден кечирим сурап, каалоо айтышып, ал эми 2005 – 2007-жылдары саясатта бир парламентте, бир позицияда, бир оппозициялык кыймылда жүрүп, атүгүл бир микрофондон сүйлөп калдык.
Мелис Эшимкановдун бейнесин бир түстүү боёк менен тартуу, ал тууралуу бир беткей айтуу мүмкүн эмес. Ал акыркы 20 жылдагы доорго окшош. Ысык-суугу, ак-карасы, чын-төгүнү, бар-жогу аралаш өзүнчө доор болду. Ошол доордун таасын инсаны катары таанылып, анын жүгүн көтөрө билди. Ал бийликтин эмес, коомдун, элдин жүгү болчу.
Поэзияда Турар Кожомбердиев менен Жолон Мамытов, музыкада Асанкалый Керимбаев менен Рыспай Абдыкадыров, кинодо Таттыбүбү Турсунбаева менен Сүймөнкул Чокморов канчалык элге жакын болсо, журналистикада Мелис Эшимканов да ошончолук окурман журтуна жакын болуп, жылуу маанай тартуулай алды. Ошол таланттардын жашында дүйнөдөн эрте кете берди.
Кыргыз журналистикасында башкалар аккан агым менен акпай, өзүнчө агым жарата алды.
Бир туруп кылым жашап койгон карыя сымал терең ойлонуп, чекесин бырыштырып, көзүн муң басып ийген Эшимканов, …анан заматта эле коён кармап алган бөбөктөй кабагы тез ачылып, бакчадагы балдардай каткырып ийчү.
Ачуусу келгенде чакан бою дөөдөй сезилип, тимеле аска урап басып калчудай болуп, …анан тез эле тамаша кеп айтса, жарып чыккан булактай шар каткырып, бала мүнөз эле. Кек сактачу эмес.
Ушул жоруктарыңды, асыл эмгектериңди, баёо элестериңди, жакшы сөздөрүңдү эстеп жүрөрбүз өмүр бою, Мелис байке.
«Асабалаш» элек, Асабаны өзүң бийик көтөрүп, ал бир кездерде эркин кыргыз журналистикасынын символуна айланып калды эле. Эми аны жандандырып, «Асабага» да, Мелис Эшимкановго да экинчи өмүр берип аткан Эрнест менен Назирага чоң рахмат!
(«Асаба» гезити, № 6,
2013-жылдын 7-ноябры)
Каныбек Иманалиев
Пикирлер (1)