Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мелис Мырзакматов: «Чек арадагы кырдаал дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек» (видео)

30.04.2021 13:56
1057
Мелис Мырзакматов: «Чек арадагы кырдаал дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек» (видео)


Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам кайдыгер карабаган мекенибиздин уулдары жергиликтүү элге барып, колдорунан келген жардамдарын көрсөтүүдө. Алардын арасында Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов да бар. Ал маалымат каражаттарынын бирине чек арадагы акыркы жагдайлар тууралуу маалымат берген экен.


«Ар бир кыргыз жараны катары эле ыктыярчылардын катарында келгем. Жардамыбызды берели, кеңешибизди берели, кыйын күндө, кыйын кырдаалда эл менен бололу деп келдик. Бүгүнкү күндө кырдаал салыштырмалуу оор боюнча калып жатат. Бирок, аракеттер менин байкоомдо жүрүп жатат. Өлкө башчысы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Андан сырткары кечетен бери бул жерде штабдын башчысы катары Артем Новиков аракетин жумшап жатат. Коргоо министри, генерал Таалай Өмүралиев башкы штабдын кызматкерлери менен бирге иш жүргүзүп жатат. Кырдаалга жараша бардык эле кадамдар жасалууда», - дейт ал.


Ал эми кырдаалдын качан турукташып кала турганы тууралуу айтуу кыйын экенине токтолду. 


«Качан турукташып кала турганын айтуу кыйын. Мындай кырдаалда бир гана эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен чечиш керек. Кече дагы сүйлөшүү жүргөн. Генерал Суваналиев башында турган топ сүйлөшүүнү жүргүзгөн. Бирок, экинчи тарап ал келишимди саат 1ден кийин бузуп койду. Эми ушундай кырдаал түзүлүп жатат. Ошондуктан бул маселе өкмөттөр аралык, президенттер аралык сүйлөшүүлөрдүн жолу менен, дипломатиялык гана жол менен чечилиши керек. Мындай кырдаалда күч менен чечүү болбойт», - дейт Мырзакматов.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Ушул азаматты иштетпей каяктагы колунан келбегендерди иштетет бизде