Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мелис Мырзакматов: Кризис учурунда өкмөт элдин талабын эске алышы керек

24.01.2022 12:25
1944
Мелис Мырзакматов: Кризис учурунда өкмөт элдин талабын эске алышы керек

Крисиз жана кымбатчылык биздин эле мамлекетте болгон жок. Мындай абалдан чыгуу үчүн өкмөт элдин да абалын эске алыш керек. Мындай пикирин "Улуттар Биримдиги"  саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов журналист Лейла Саралаевага берген маегинде билдирди.


Саралаева Кыргызстанда акыркы саясий кырдаалга байланыштуу жазында кандайдыр бир толкундоолор болобу деп сураган.


"Мен өлкөдө дайыма туруктуулук болушун каалайм. Анткени азыр бар нерсени да жоготуп алышыбыз мүмкүн. Мындай учурда өкмөт элдин көйгөйүн эске алып кризистен чыгуу жолун табыш керек. 

Дүйнөдө кризис болуп жатат. Кошуна өлкөлөргө көз салалы. Ошондуктан мен өлкөбүздө тынчтык болушун гана каалайм",- деди Мырзакматов.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Кымбат
Кризис менеджер! Мырзакматов азыр мамлекетке суудай керек!
Зубагул
Мырзакматов эн биринчи менеджер эле
Зубагул
Эн туура ушул инсан премьер болуш керек эле озу