Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатат. Мындай пикирин "Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов билдирди.
Анын айтымында, добуштардын саны түшүп калган.
"Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуштардын жыйынтыгы бурмаланды. Саат 20:46га карата "Улуттар Биримдиги" элдик партиясына 47074 добуш берилген. Ал арада БШКнын сервери иштебей калган. Саат 21:20да "Улуттар Биримдиги" элдик партиясына берилген добуштардын саны 29387ге түшүп калды. Биз мындай жыйынтыкка каршыбыз жана нааразычылык билдиребиз",- деп билдирүү калтырган Мырзакматов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн