Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мелис Мырзакматов кантип Садыр Жапаровдун атын пайдаланып жүрөт?

09.08.2022 14:21
701
Мелис Мырзакматов кантип Садыр Жапаровдун атын пайдаланып жүрөт?


Тар чөйрөдө Мелис Мырзакматов артист болгонун койбоптур. Өз ара отурушканда Салкынбек аттуу жардамчысы келет тура. “Садыр Нургожоевич чалып атат” деген шекил менен. Анда Мелис сыр алдырбай, “анан чалам, резиденцияга барам да” деп өзүнчө корстон болгонун кара. Мунун баары жөн эле алдоо экенин “жоролор” кийин билип калышып, күлкүгө айланып атпайбы. Бул эргул башынан эле жасалма мүнөз күтүп, курулай баатыр кейиптенип, анык түпкүрү көңдөй экени жалганбы? Берегидей театралдаштырган жоругун эми президент окуп алып, жылмайып отурса керек. Биздин маалыматтар боюнча, Садыр Жапаров башынан эле Мелис Мырзакматовду жолотпой келгени маалым. Убагында сатып кеткени үчүн. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дегендей кеп да. А баса, оппозициядагы аксакалдарга Мырзакматов ооз көптүрүп, жакында кошуларын билдирип коюп, ошол бойдон “куйругун түйүп” кеткени кандай? Дагы алдаган кербезиби?


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн