Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:38
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мелис Мырзакматов окопто жаткан жоосун көрдү

13.04.2021 23:11
1182
Мелис Мырзакматов окопто жаткан жоосун көрдү


Оштогу ыплас шайлоодон жеңиш менен чыккан партия Улуттар Биримдиги болду. Маселе, партиялардын дайыма жеңишти камсыздашы эмес. Саясаттагы жыгылуу саясатчыга кайрадан дем, күч жана коом менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет. Партия лидери 6 жылдык сүргүндөн кийин кароосуз калган, аксаган, чачыраган командасын топтоп, биринчи жолу саясий күрөшкө аттанды. Кыргыз саясаты 6 жыл ичинде көп партиялардын жаназасын окуп, көмдү. Бирок, Мырзакматовдун журтун ээн калтырбайбыз деген 3-5 жакыны партияны жакшы эле сүдүрөдү. Мындай абалдан кийин шайлоодо 2-келиш Улуттар Биримдиги партиясы үчүн чоң жеңиш. Менимче, муну жеңиш катары көрбөгөндөргө кийинки шайлоо союл катары баштарына түшөт. Мырзакматов акча коротпой, көңүл оорутпай оюнду куралы менен ойноду. Аны аркада калган биздей коом түшүнбөйт. Менимче, анын 2 утушу бар. Биринчиси, окопто жаткан жоосун, анын куралын көрдү. Экинчиси, борбордук бийликтин өзүнө болгон чындык мамилесин таразасына салып, аныктап алды.


Манас Осмон, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн