Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мелис Мырзакматов саясатка активдүү киришеби?

14.11.2020 10:29
722
Мелис Мырзакматов саясатка активдүү киришеби?

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов  саясатка аралашууга даяр экенин айткан. Бул тууралуу vesti.kg сайтына Мырзакматовдун жакын адамдары билдирген. 


Анын айтымында Мелис Мырзакматов Түркиядагы бизнес маселелерин чечип кайра Кыргызстанга келерин белгилеген.


“Ал Анкарада алты жыл жашаган. Анын ал жакта бизнеси бар, ошондой эле Кыргызстанда ишин улантып жатат. Мелис Мырзакматов ал жактагы ири компаниянын вице-президенти. Ал өз ишин жүргүзүүнү жана өнөктөштөр менен сүйлөшүүнү улантууга кетти. Жакынкы аралыкта анын келишин чыдамсыздык менен күтөбүз. Ал Кыргызстанга келгенде соттук суроолордун бардыгын толуктап бүткөн. Ага каршы мурда козголгон иштер бурмаланган. Үч күндүн ичинде муну далилдөөгө мүмкүн болду.  Мелис мырза кайтып келгенден кийин Бишкек шаарында жашайт. Ал саясий иш-чараларга активдүү катышууну көздөп жатат”,- деп билдирген Манас Осмон аттуу мурдагы мэрдин тарапташы. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн