Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мелис Мырзакматовдун премьер-министрлик кызматтан баш тартканы белгилүү болду

29.01.2021 14:13
2866
Мелис Мырзакматовдун премьер-министрлик кызматтан баш тартканы белгилүү болду


Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов премьер-министрлик кызматка баруудан баш тартты.


Парламентте Артем Новиковдун талапкерлиги премьер-министрликке каралып жатат. Бул тууралуу 24.кг агенттиги жазды.


«Азырынча парламенттик көпчүлүк коалициясынын мүчөлөрү премьер-министрдин м.а. Артем Новиковдун талапкерлигин карап жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.


Алдын ала маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин жана Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлиги дагы көрсөтүлүп, бирок алар баш тартышкан.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жеңиш жоомартов
Мелис Мырзакматов татыктуу бул кызматка
Айтенир Садирбекович
Артём Новиков калса жакшы болот эле биз Новиковту колдойбуз