Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:39
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Мелис Мырзакматовдун соту 6-майга жылды

Мелис Мырзакматовдун соту 6-майга жылды


Жогорку сотто карала турган Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун иши кайрадан башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. 


Маалыматка ылайык,  жактоочулардын бири ден соолугуна байланыштуу отурумга келбей калгандыктан сот 6-майга жылдырылган.


Мелис Мырзакматовго 2014-жылы ноябрда кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ага «Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген» деген айып коюлган.


2015-жылы Ош шаардык соту өлкөдөн чыгып кеткен Мырзакматовду сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Облустук сот бул өкүмдү күчүндө калтырган.


Быйыл январь айында адвокаттары Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылып, Мырзакматовдун күнөөсү жок экенин билдиришкен жана өкүмдөрдү жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Буга чейинки да бир нече отурум болбой калган.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн