Мелис Мураталиев КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мамлекет башчысы кол койгон башка жарлыкка ылайык, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн