Мелс Аттокуров мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске сала кетсек, Аттокуров күн мурун кызматтан бошотулган Заир Чокоевдин ордуна дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн