Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Мен Асылбек Жээнбековдун "күнөөлүү эмесмин" дегенине ишенем

25.07.2021 18:09
1246
Мен Асылбек Жээнбековдун "күнөөлүү эмесмин" дегенине ишенем


Быйыл Кыргызстан өзүнүн 30 жылдык көз карандысыздыгын белгилей турган улуу жыл. 30 жылдын ичинде Кыргыз мамлекети өзүн дүйнөдөгү жаңы көз карандысыз мамлекеттердин катарына кошо алды деп эсептейм. Себеби, 1990-жылдын 15-декабрында кыргыз тарыхына “Легендарлуу парламент” деп кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алды. 1991-жылдын 31-август күнү Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алып, ошол декларациянын биринчи статьясында “Кыргыз Республикасы көз карандысыз, суверендүү, демократиялык өлкө” деп мамлекетибизди жарыяладык. Экинчи статьясында “Кыргыз Республикасынын территориясында жалаң гана Кыргыз Республикасынын Конституциясы иштейт” деп жаздык. Мына ошол декларациянын негизинде 1993-жылдын 5-майында жаңы, эгемендүү, көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин биринчи Конституциясы кабыл алынды. Кыргыз парламентин Жогорку Кеңеш деп атадык. Илгертен бери кыргыз элинде айтылып келген эң даңктуу, абийирдүү кызматтын бири – бул төрага. Ошон үчүн биз Жогорку Кеңештин жетекчисин төрага деп жаздык. Конституцияда төрага деп жазылып жүрөт. Кийинки убактарда эмнегедир жеңилине качырып, баары эле спикер деп жазып жүрөт. Спикер деген кыргыздын сөзү эмес. Конституциябыздын, кыргыз тилибиздин негизинде иш алып бара турган болсок, ишти Жогорку Кеңештен башташыбыз керек. Жогорку Кеңеш – бул мыйзам чыгаруучу орган.  Бийликтин үч бутагынын ичинде биринчи орунда Мыйзам чыгаруучу орган турат.  Андан кийин Аткаруу бийлиги, Сот бийлиги турат.


Эмне үчүн биринчи орунда Мыйзам чыгаруучу орган турат? Себеби, өзүн дүйнөдөгү демократиялүү мамлекетпиз деп эсептегендер өзүнүн парламенти чыгарган мыйзамдын негизинде иш жүргүзөт. Мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттик курулуш, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик бийлик бутактарынын баардыгы Мыйзам чыгаруу органы кабыл алган мыйзамдарынын негизинде иштейт. Мыйзам чыгаруу бийлигинде иштеп турган депутаттарда кол тийбестик деген бар. Эмне үчүн депутаттарга кол тийбестик деген макам каралган? Себеби, ошол парламентте иштеп, мыйзам кабыл алып жаткан депутаттар башка бийликтен көз каранды болбой, президенттин, премьер-министрдин көзүн карап, ошолор эмне десе ошондой мыйзам кабыл ала коёлу, менин айткан сөзүм ошолорго жаксын деген аракеттен алыс болушу зарыл. Депутаттар кабыл алып жаткан мыйзамдар президенттин, премьер-министрдин кызыкчылыгына иштебей, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына гана иштеш керек. Мамлекеттин кызыкчылыгын, элдин талабын талашып жаткан депутат эч кимден көз каранды болбошу шарт.  Ошон үчүн депутатка кол тийбестик деген макам берилет.


Кийинки мезгилдерде төраганын кадыр-баркын түшүрүп, “Сен башка депутаттарга комментарий бербешиң керек… Өзүңдүн оюңду айтпашың керек…” деген сөздөр айтылып келет. Мунун туура жана туура эмес жагы дагы бар. Конституцияда “Төрага парламенттин ишин жетектейт, ошого жооп берет” деп жазылып турат. Демек, парламенттин ишинин оң жана терс, активдүү жана пассивдүү жүрүшү төрагадан көз каранды болот. Төрага канчалык акылдуу, тажрыйбалуу, билимдүү болсо, өзү жетектеп келаткан парламентти туура нукка, туура жолго салып кете алат. Мына ушул жагдайга келгенде Кыргыз Республикасынын бешинчи жана алтынчы чакырылышындагы Жогорку Кеңешти жетектеп келген, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жээнбеков Асылбек Шариповичтин ишин айтсак туура болот.


Бүгүнкү күндө Жээнбеков Асылбек Шарипович УКМКнын убактылуу кармоочу жайында олтурат. Ага иш козголгон, азырынча айтылганы “Кумтөр” боюнча деп жатат. Мен козголуп жаткан иштин туура жана туура эмес деген талашына аралашкым келбейт. Анткени, ишти жүргүзүп жаткан тергөөчүлөр, ошол ишти көзөмөлдөп жаткан органдар бул маселени объективдүү карап чыгат деген ойдомун. Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич баш болуп “Кумтөр” маселесин абдан активдүү көтөрүп чыгышты. Мен президенттин “Кумтөр” боюнча жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдойм. Себеби, алтын запасы боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турган кыргыз алтыны кыргыз экономикасына иштебестен, чет мамлекеттердин жана Кыргыз мамлекетинин мурунку жетекчилеринин, чиновниктердин чөнтөгүнө кетип жатканы табышмак, жомок эмес. Бул чындык.


“Кумтөр” маселеси Асылбек Шарипович төрага болуп турган мезгилде дагы парламентте каралса керек.  Мен бул жагын толук биле албайм. Жакында мен, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков үчөөбүз УКМКнын убактылуу кармоочу жайына барып, Асылбек Шарипович менен жолугуп келдик. Үчөөбүз тең бир убактарда Кыргыз парламентин башкарган төрагаларбыз. Бизде Кыргыз парламентинин төрагаларынын Совети бар. Ошол Советти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи төрагасы катары мен башкарып келатам.  Төрагалардын баарынын атынан үчөөбүз Асылбек Шариповичке жолугуп, өзүбүздүн ой-пикирибизди айтып келдик. Мен Асылбек Шариповичтен “Акыбалың, ден-соолугуң кандай?  Бул жерде сага болгон мамиле кандай?”- деп сурадым. Ал киши “Баары жакшы. Баардыгы тең мыйзамдын негизинде жүрүп жатат.” – деп жооп берди. “Өзүңдүн күнөөңдү сезесиңби?” – деген суроого, Асылбек Шарипович “Биринчиден, мен тараптан эч кандай мыйзам бузуулар, мыйзамсыз кадамдар болгон эмес. Депутат катары эч кандай мыйзам бузууга барган жокмун. Экинчиден, мен жетектеп турган парламентке “Президент айтып жатат. Жогор жактан ушундай өтүнүч келди. Ошон үчүн ушундай чечим чыгарсаңыр” деп бир дагы депутатка эч кандай басым кылган эмесмин”- деп айтты.  Мен Асылбек Шариповичтин бул сөздөрүнө ишенем. Териштирүү аягына чейин чыгат деп ойлойм. Чыкканда дагы субъективдүү эмес, объективдүү баа берилет деген ишенимдемин.


Азыр УКМКнын убактылуу кармоочу жайында башка депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов дагы олтурат. Мен алардын акыбалы тууралуу Асылбек Шариповичтен сурадым. “Баары жакшы” деген жооп алдым.


Асылбек Шарипович тууралуу айта турган сөз мындай. Биринчиден, ал дасыккан парламентарий. Экинчиден, мамлекеттик жогорку деңгээлге жеткен мамлекеттик кызматкер. Үчүнчүсү, 2016-жылы Сооронбай Шарипович Жээнбеков премьер-министр болуп келгенде, эч кимдин көрсөтмөсү, эч кимдин айтуусу жок Асылбек Шарипович “Мен өзүмдүн агам премьер-министр болуп иштеп жатканда төрага болуп олтурганым туура болбойт, моралдык жактан туура келбейт, эл дагы туура көрбөйт” деп  өз каалоосу менен төрагалыкты өткөрүп берген. Эки бир тууган биригип алып мамлекетти башкарып жатат деп эл ойлобосун деп төрагалыгын өткөрүп кетти. Бул Асылбек Шариповичтин моралдык жактан өзүнө болгон баасы абдан туура болгон. Асылбек Шарипович иштеп турган мезгилде парламенттин кадыр-баркы  жогору болчу. Бүгүнкү парламентке айтылып жаткан сын-пикирлер анын мезгилинде болгон эмес. КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясы жана башка парламенттик уюмдарга Кыргыз парламенти мүчө болуп жүрөт.  Ошолордун баарынын ичинде Кыргыз парламентинин кадыр-баркы, ролу жогору болчу. Мында дагы Асылбек Шариповичтин эмгегин эстебей койгон туура болбойт.


“Кумтөр” маселеси боюнча Асылбек Шариповичтин канчалык  катыштыгы бар, канчалык күнөөсү бар жогун тергөө иши аягына чыгарат деп ишенем, үмүт кылам. Асылбек Шариповичке ден соолук каалайм. Кыргыз элине ак жүзү менен кайтып келип, Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн көп-көп эмгектерди аткарып, чоң салым кошот деген ойдомун.


Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана саясий ишмер

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Robert Born
Шеримкулов М. Вы правы! Согласен на все 100%! Свободу Асылбеку Шариповичу!
Болот Болотов
Бошотулсун
Гульмира
Туура айтат.Куноосу жок.
Гулкан
Соссуз албетте куносу жок, Асилбек Шариповичтин, туура айтасыз, легендарлуу парламенттин ээн мыкты торагасы болгон