Бугу 13, 2024
Убакыт: 20:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мен жолугушууга макул болууга чакырдым. Аскар Акаев президенттердин жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди

20.02.2023 09:55
802
Мен  жолугушууга макул болууга чакырдым. Аскар Акаев президенттердин жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди

Эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев мурдагы жана учурдагы президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуу тууралуу пикирин билдирди.


Аскар Акаев Садыр Жапаров президент болгондон кийинки ийгиликтер жана жетишкендиктерге токтолгон.


Ошондой эле Дубайда өткөн жолугушуу тууралуу да сөз кылган.


"Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын биримдиги үчүн жасап жаткан аракеттерин колдобой коюуга болбойт.

Албетте, мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу сунушту колдодум жана коллегаларымды жолугушууга макул болууга чакырдым",- деп билдирди Акаев.


Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттерин бир столго отургузганын жана алар бири-бирин кечиришкенин билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн