Жетинин айы 12, 2024
Убакыт: 11:58
USD
86.05
86.55
EUR
91.40
92.40
RUB
0.870
0.910

“Мен тууганымдын болушу эмесмин, элдин болушумун”

05.07.2023 14:30
3729
“Мен тууганымдын болушу эмесмин, элдин болушумун”


(элдик даанышман Байзактын сабактары)


1. Байзак деген ким болгон?

1914-жылы Уфадан басылып чыккан Осмоналы Сыдык уулунун «Тарых кыргыз Шадмания» деген айтылуу китебиндеги «Шабдан казалы» аттуу документалдык поэма-хроникада Шабдан өлгөндө баа­тырга топурак салганы келген атактуу инсандардын ысымдары аталат. Китепте «Кулжыгачтан Байзак, Кадырман эле бу дагы» деген эки сап кездешет. Демек, бул жерде Байзак баатыр чоң молдо окумуштуу Осмоналы Сыдык уулу тарабынан абройлуу, кадыр-барктуу үлкөн инсан катары бааланып, аталып өткөн. Ал эми кадимки кара жаак акын Калык Акиевдин архивинде анын өз колу менен жазып калтырган төмөн­күдөй эскерме сөзү сакталып калган: «Байзак Шабдандын тою­на мени ээрчитип барды. Ырдап жүрөм. Бир күнү Байзак баатыр мага кайрылып, “Калык балам, Шабданды мактап ырда­дыңбы?” деди. Мен “жок баатыр, ырдай элекмин” дедим. Койчуман Өмүраалы экөөнө кошулуп Шабдандын алдына барып ырдайын десем, күбернатор, үйөздөр, биристаптар жана кыргыз, казактын чоң манаптары, алтымыш казак орус болуп катар тигилген ак үйлөрдүн жанында отурушат. Ыр эмес акылымдан адаштым. Өмүраалы “ой бала, качан ырдайсың же жөтө­лүп эле тура бересиңби?” деп шаштырат. Оозумда бир ооз да ыр жок. Бир аз онтолоп турдум эле Байзак калдая тартып басып келди. Шабдан отурган үстөлүнөн тура берди. Демдене түштүм. Байзак баа­тырга Шабдан тура берди. “Байзак баатыр да оңой киши эмес экен го” деп жүрөк токтото калып, учураша баштап ырдап турганым…» Бул эскерүүдөн кыргыздын үлкөнү, атактуу хан Шабдандын Байзакты сыйлап, урмат кылганы даана көрүнүп турат. 


Дагы бир факт. Кадимки чыгаан көлдүк Садыр аке Көтмалдыдагы чоң топко келген Жумгалдын жакшыларына сын берип жатып, Байзакка келгенде мындай деген экен: «Байзак ажы, өзүңдү болсо сын көтөрбөйт. Ата-бабаңдан бери манап, кыргызда бирөө болсо өзүңсүң, экөө болсо бирисиң. Даражаң Шабдан баатырдан да артык. Кудай Таалам төрөлгөндөн бакыттын бешигине бөлөптүр. Сизге сөз жок». (Жапар Кенчиевдин «Мырзабек» аттуу китебинен, Бишкек, 2002). Атактуу Садыр аке Байзакка ушинтип баа берген.


2. Калмырза ырчынын Байзакты мүнөздөгөнү


Ошол Байзак баатыр тегин киши эмес экендигинен улам атактуу Калмырза ырчы төмөндөгүдөй деп чындыкты ырдаган турбайбы:


«Ассолоому алейкум!

Калайык-калкка таанымал,

Калмырза айтат саламды.

Жер соорусу Суусамыр,

Жердеген Байзак аманбы?

Кытайга чейин кыйын деп,

Кеп кылган Байзак аманбы?

Үрүмчү, Торугарт, Үч-Турпан,

Чек кылган Байзак аманбы?

Эрегишкен тууганды,

Эп кылган Байзак аманбы?

Кыргыздын ханы Шабданга.

Тең келген Байзак аманбы?

Манастын суусун Кытайдан.

Талашкан Байзак аманбы?

Кыргыздын ханы Шабданга

Жанашкан Байзак аманбы?

Хан Шабданга катарлаш

Олтурган Байзак аманбы?

Ак падыша кадырлап,

Сураган Байзак аманбы?».


1827-жылы туулган Байзак архивдик документтерге ак падышанын кызматында 1871-жылдан баштап тургандыгы айтылат. Коом алдында сиңирген эмгеги үчүн ал 1879-жана 1883-жылдарда Россия империясынын медалдарына көрсө­түлгөндүгүн архив кагаздары күбөлөйт. Байзак 1875-жылдан 1877-жылга чейин айыл старшинасы, 1877-жылдан 1879-жылга чейин волостук башкаруучунун кызматына кандидат болуп шайланып, кызмат кылгандыгын, 1879-1887-жылдар аралыгында волостук башкаруучу, андан соң бий болгондугун жана «Байзак Тооке уулу» деп жазылган жекече мөөрү бар экендигин да архивдик документтер көрсөтүп турат.


3. Байзактын калыстыгы


Байзактын туурачыл, бардыгына тең караган адилет эл башчысы, калыс бий болгондугу да эл ичинде аңыз кылынат. Ал кыргыздын далайлаган чоң топторуна катышып, элдин көп маселелерин адилет чечкен жана жекече өз ара чырлар, үй-бүлө проблемалары боюнча да кеңеш, калыстык сурап ага кайрылып турушкан. Архивдик маалымат боюнча Байзак айтылуу Тайлак уулу Осмондун адамдардын канына забын болгон айрым криминалдык иштеринин натыйжаларын соттук тергөөгө да катышкан экен. Байзактын калыс болуш, бий болгондугу бекеринен эмес. Байкасак, анын өзүнүн ичтен терең ойлонулган идеялары, позициясы, өзүнчө философиясы жана карманган принциби болуптур. Минтип айтып жатканыбыздын жайы мындай. Жанагы «Байзак баатыр» китебинин автору маркум Абдыхалил Молдалы уулу мени окуткан агайым эле, андыктан көп сырдашып, маектешер элек. Өзүнүн китебине киргизген Байзактын философиялык ойлорун Абдыхалил агай ажынын кичи аялы Оңол эненин, уулу Ажымү­дүндүн, кызы Рапыянын оозунан жазып алганын атайылап басым коюп айтчу. Байзак өзүнүн төмөндөгү сөздөрүн кийин болуш болушкан уулдары Жантели менен Зарбатка бозүйдүн ичинде насааттап айтып отурганын андагы жаш зайып Оңол угуп отурчу экен. Эмесе, Байзактын ошол маанилүү ойлоруна көңүл буралы:


«Элди бийликтин күчү менен эмес, калыстыктын күчү менен башкар. Калыстыктын күчү менен эл башкарсаң, бийлигиң бүткөн күнү да эл менен кала бересиң… Дүнүйөлүү киши оома келет, карапайым элге жак, “мен калысмын” деп өзүң айтпагын, сени “калыс эле” деп эл издесин».


4. “Мен тууганымдын болушу эмесмин, элдин болушумун!”


«Туугандын турпагы алтын» дегени менен да мен бийлик ээси болуп турганда өзүм гана элдин сынында эмес, туугандарым да элдин сынында. Алардын шарияттын, мыйзамдын жолун катуу сакташы – туугандык парзы. Алар «Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок» деген сөздү менин наамыма айттырса, анын туугандыгына карабай, эл безер тетирлерин теске салыш шарыят жолунда да, мыйзам жолунда дагы бийлик үчүн артык иш. Мен тууганымдын болушу эмес, элдин болушумун. Тууганга калыс боло албаган, элге калыс боло албайт. “Байзак Байзак болуп турганда бир тууган агасынын балдарын абакка салган” деп айрымдар кеп кылышаар. Очо менен Төрөгө болгон элдин көңүлүндөгү ызасын, көкү­рөгүндөгү дартын гана кетирдим…».


«Эл жакшысы карапайымдыгын жоготсо, мансап кууса, дүнүйө ээрчисе, өзүнө көнүмүш байкалбай жатканы менен анын паска түшкөнү ошол. Дүнүйөнүн чордону алтын го, дал ошол алтын жылтылдап адамды азезилдей ээрчиткени менен ак эмгектин алтыны болбосо азапка салат. Адам алтын таппай азап табат». (А.Молдалиев «Байзак баатыр». – Бишкек, 1993, 67-68-беттер).


Байзак даанышмандын бул терең ойлору жетекчи адам кандай болуш керек экендиги жөнүндө бизге калтырган баалуу нуска. Бул ойлор мына мобу бүгүнкү коррупцияга, трайбализмге, өзүмчүлдүккө, «прихватизацияга» каршы күрөштө, рухий кайра жаралуу ишинде бизге курал болуп берчү идеялар. Биз көп учурда “америкалык баланча философ минтип айткан, түкүнчө европалык саясатчы антип айткан” деп өз пикирибизге таянычты чет жактан издейбиз. А көрсө, салмагы сайдын ташындай ойлор нускалуу идеялык-философиялык нарктар өзүбүздүн казынада деле жаткан турбайбы! Байзактын жогорудагы ой уютмаларынан алынган цитата бүгүнкү ар кандай оратордун, насаатчынын речин, же болбосо ар кандай окуу китебинин текстин кооздой алат дээр элек.


5. Байзактын Күласал кыздын айынан чыккан чоң чырды басканы


Жогоруда Калмырза «Эрегишкен тууганды эп кылган Байзак аманбы?» деп атпайбы. Чынында эле Байзак табиятынан тубаса дипломат, туюктан жол таба билген айлакер инсан болгон экен. Ал эптүүлүк менен чече билүүнүн чебери аталган. Кырдаал чегине жете курчуп, абал көзөмөлдөн чыга баштаганда, чыр-чатакты токтотуунун айла-амалын, аргасын табууну Байзактан суранышкан. Буга маселен, анын айтылуу Күласал кыздын айынан Жумгалда Курманкожо менен Кулжыгач эли чабыша турган болгондо, эбин таап эки урууну элдештиргени мисал. Уулунун кудаланып коюлган колуктусу Күласалдын Чойбектин уулу Абдылдабекке качып барып тийип алганына катуу намыстанып, Көкүмбай болуш Курманкожо уруусунан кол курап, Качыке элин чапмакка аттанып, айыл четине кирип келет. Үрөйү учкан Мырзабек болуш Байзакка шашылыш келип, Көкүмбайды токтотууну өтүнөт. Уруштун алдында ажынын алдынан бир өтүп коюу үчүн Көкүмбай Байзактын жыйын дөбөсүн карай бурулат. Ачууга муунган Көкүмбайдын маңдайында Байзак ажынын сүйлөп турган жери:


«Ачуунун да, намыстын дагы чеги болот. Чийинден чыккан эки баланын иши үчүн бир атанын балдарын бири-бирине каршы кол куратып, “эл чаап алам” дештин кимге кереги бар?! Өткөндү болочок ишке үлгү болсун деп айтасың да, атаң Медет датканын токтоолугун айтпайсыңбы! Хан Ормонду ызааттап, Соң-Көлгө конокко чакырса, Ормон «мага Соң-Көлдү көрсөтпөй жайлап жүрөсүң» деп опурулганда, «сеники чын» деп акылга жеңдирип тим болгон кайран датка. Болор-болбос иш үчүн бир атанын балдары кол курашып чабышпай, каягы болсо да акыл жараштырып, ынтымак, сөз менен бүтүрүшсөк, ушунубуз терең акылдуулук болуп жүрбөсүн?! Колду тарат». (А.Молдалиев. «Байзак баатыр», 79-бет).


Көкүмбай Байзак ажынын кебине муюп, сөзүн эки дей албай, колун тараткан экен.


6. Жамандыкты жакшылык менен жеңген Байзак


“Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа” дегендей, тарыхый турмуштук фактылар Байзактын инсан аралык өз ара мамилелерде, жекече алакаларда абдан кылдат, токтоо, сабырдуу боло билгендигин, майдачылыктан өйдө көтөрүлүп, маселеге жогортон сереп сала билген, арканды узун таштап иш кылган кенен инсан болгондугун күбөлөйт. Иштин артын, келечекти ойлоп, бирөөнүн өзүнө каршы жасаган жоруктарына кечирим менен карап, чаап айтпай таап айтып, сокур намыска алдырбай, керек учурда артка чегине билип, татаал кырдаалдан акыл менен чыккан. 


Буга Балыкчыдагы Шабдан катышкан чоң топко баратканда Байзактын жигиттеринин атын жыгып алып, ажыны ызалап, тентектик кылган Көкүмбай менен Курманды кектебей, Шабданга, жалпы журтка белгилүү кадыр-баркына таянып чоң топко салып, өч албай, кайра эки тентекти ошол чоң топко бирин чыбык кыркарга, экинчисин катчылыкка шайлаттырып көтөрмөлөгөндүгү, колдогондугу ачык мисал. «Жакшылыкка жакшылык ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык эр кишинин иши» деген ушул эмеспи! Көкүмбай менен Курман Байзактын мындай айкөлдүгүнө таңданышып, жасаган жоруктарына уялышып, андан кийин ажыны урматтап жүрүшкөн. Байзактын жүрүм-турумунда мындай мисалдар арбын.


Бүгүнкү мезгил тирешүүнүн эмес, диалогдун заманы, толеранттуулуктун заманы деп жатабыз. Биз бүгүн диалог чеберчилигине, маселени кызыкчылыктардын балансын эсепке ала билип, макулдашуу, келишүү, өз ара кечиришүү, бири-бирине жол берүү жолу менен чече билүү искусствосуна, акыл-эстүү компромисттин жана консенсустун өнөрүн дал ушул Байзак даанышмандан үйрөнүшүбүз керек го. Байзактын мындай кылдат этикасы бүгүнкү саясатчылар, жетекчилер, дегеле ар бир адам үчүн өтө зарыл өрнөк жана үйрөнө турган рухий-этикалык мурас дегибиз келет.

Дал мына ушундай айлана-чөйрөгө, жамаатка таалим-тарбия боло турган адамдык айырмалуу касиеттерин, даанышмандыгын көрүп-билип ынангандыгынан улам атактуу Куйручук Байзакты «Бүт кыргызга баркы алтын, Кара-Ойдогу карк алтын» деп мүнөздөгөн турбайбы.


7. Чек бөлгөн Байзак жана Курманжан датка


«Мен топто, жамы кыргыз чогулган жерде дайыма Шабдан менен бирге болом. Ушул Көк-Арттын белин чек кылып, Жалал-Абад, Нарын оёздорунун чегин бөлгөнүмдө да Шабдандын тапшыруусу боюнча мен келдим» деп Байзак атасы дайыма айтып каларын уулу Ажымүдүн сүйлөп берген. Орус-кытай чек арасын ажыратканда кытай өкүлү айткандай, чек Нарын суусунун өйүз-бүйүзү менен эмес, тескерисинче, Торугарт, Үч-Турпан, Манас суусу аркылуу өтөрүн далилдүү талашып, чек бөлүүдө чоң роль ойноп, Байзактын ак падышадан чин алгандыгы өзгөчө даңазаланып айтылып келет. Кыргыз ичиндеги дубандардын чектерин жана кыргыз-казак, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларын ажыратканга да активдүү катышып, Байзак чоң аброй күткөн. Анын зиректигин, жетиктигин байкап, Курманжан датка да Байзакка «ажы кайним» деп ызаат кылчу экен. Өз кезегинде Байзак атактуу Куйручукка Курманжан датка жөнүндө төмөндөгүдөй деп айтканын Ажымүдүн эсине тутуп калган:


«Мен Шабдан менен датка айымдын элдин камы үчүн болгон пикир алмашууларына да көп жолу катыштым. Мен ушул жашка келгенге чейин кыргыз-казак, түндүк-түштүктүн зайып затынын эң мыктысы ушунун зайыбы деген эл мыктыларынын үйлөрүндө көп болдум. Бирок акылы, мүнөзү, так сөзү, ойлуу, суздугу датка айымга окшогон бир дагы зайып затын жолуктурганым жок. Датка айым менен пикир алышканда, тактысында ойлуу, суз, бир калыпта айткан сөзгө гана так жооп берип, өзү сөзүн улантканда өтө кыска, жай, назик сүйлөп, оюнун өтө тактыгы, жүйөлүүлүгү менен пикир алышып отурган кишини андан ары сөзүн улантуу мүмкүндүгүнөн ажыратып, апкаарытып коёт.


Анын бир калыпта ойлуу, суз отурушу эч бир адам жакындай албай турган сүр берип турат. Жактырбай калып, кишиге жоопту кесе айтарда өңүнө кичине жумшаруу киргенсип, кайра баягы ойлуу, суз адамдар менен баарлашканда мүнөзүнөн бир дагы өзгөрүү көргөнүм жок. Баягы эле бир калыбы. “Аялдын бешенесинин чырагы – күйөөсү” деп койчу эле илгеркилер. “Алымбек датканын барында кандай болду экен?” деп да ойлоп калчубуз. Мен ал кишини да көрүп калдым. Датканын кебинен уламбы, же кыргыздын салт-жөрөл­гөсүн өтөп жатабы, Шабданды «баатыр», мени «ажы кайним» деп коёт. Ошондон улам мен да «датка жеңе» деп коём.


Ушул Көк-Арттын кырын чек кылып, Жалал-Абад, Нарын оёздорунун чегин бөлгөндө да Шабдандын тапшыруусу боюнча мен келдим. Мен бөлгөн жердин чегине эки оёздун өкүлдөрү макул болуп мөөр-бармактарын басышып, кол коюшкан. Датка айым Алайда болгону менен түштүктүн жер тутумдагы өзгөрүүлөргө да тийешелүүлүгү бар укукка ээ экендигин мен кийин гана билдим. Менин балалык курчтугумду көргүн, датканын пикири кандай (?) деп сурап да койбоппуз.


Кийинки жайда Шабдан экөөбүз Ат-Башы аркылуу Арпалап жүрүп отуруп, Алайдын башын ашып даткага атайын жолуктук. Баягы эле ойлуу, суз мүнөзү. Жердин чеги жөнүндө Шабдан кеп кылып калды эле, «баатыр, эки оёздун жеринин чеги туура, башкача чек болуу­га тийиш эмес. Бирок өкүлдөрдүн пикирине эл эгеси (даткасы) ыкырарбы, ушуга күйбөй эле шартнама кагазыңарды бүтүрө салдыңар. Бул жолу шашмалыгыңарга макул болдум. Силердей эл эгесине шашмалык жолдош болсо, жаман иш. Мындан ары шашмалыкты боюңарга жакын кармабагыла» десе болобу!» («Байзак баатыр» китебинен).


Байзактын бул айтканы Курманжан датканын мүнөзү, жүрүш-туруш сыпаты жөнүндөгү эч жерде жок, абдан баалуу тарыхый маалымат болуп эсептелет.


8. Эки дүйнөнүн кагылышы жана Байзактын жаңы жолго бурулушу


XIX кылымдын экинчи жарымында патриархалдык-феодалдык Орто Азия Россиялык капитализм менен кагылышкан эле. Чындык салыштырууда таанылат эмеспи. Шаарларды салган, завод-фабрикаларды, станокторду курган падышалык держава менен кагылышуу көчмөндөрдүн көзүн бир топ эле ачып койгон. Орус дүйнөсү менен көчмөн дүйнөнү салыштырып келип, айтылуу Осмонаалы Сыдык уулу:


Басмакана жана бар китеп баскан,

өнөр менен ушуларды адам тапкан.

Жалгыз ак казак-кыргыз карап жаткан,

Катардан калып калдык наадандыктан.

Не керек мынча жатыш, ай, ай тууган!

Акылдуулар ойлонуп шаар салган.

Ар ишин иреттеп куруп алган,

үмүтү жок жалкоо кыргыз,

Тоо башынан орун алган,

Ар өнөрдөн куру калган, - деп өкүнсө, Алайдагы Курманжан датка куралчан армиянын алдында тоолуктардын алсыз экенин сезип, күйүтүн минтип ырга салган:


Алакандай элимдин,

Аздыгына күйөмүн.

Тили буруу душмандын,

Кастыгына күйөмүн.

Кол кайрууга амал жок,

Алсыздыкка күйөмүн.


Мына ушундай кырдаалда Байзакка окшогон алысты көргөн адамдар найза, чокмор көтөргөн, кылыч байланган жоокерчилик замандын доору бүткөндүгүн, эми мындан ары карай кыргыз баласы башка калктарга агартуу, илим-билим аркылуу гана теңата боло аларына жана каяша кыла аларына, билек жирей албаганды билим жирерине көздөрү жеткен. Замандаштарына “отурукташа баштагыла, дыйканчылыкка оогула, мал бир эле жуттук. Колдон келсе балдарды мектептен окуткула, орустун тилин, илимин, өнөрүн үйрөнсүн” деп Байзак көп үгүттөгөн. Өзү калайыкка айткан оюн иш менен бекемдеп, ал Жумгалдын Кара-Ойуна биринчи болуп медресе салдырып, жаш балдарга билим эшигин ачкан. Бул окуя учурунда алыскы тоо арасындагы өзүнчө бир революцияга тете иш болгон. Байзак – агартуунун тунгуч уюштуруучусу. Ошон үчүн анын эмгеги, ысымы ызаатталууга татыктуу.


9. Калыкты ээрчиткен, Куйручукту телчиткен, балбан кыздын багын ачкан


Байзактын элдин эсинде калган дагы бир кызматын айта кетүүгө тийишпиз. «Адамдын адам билет сымбатын, акмактар кайдан билсин адамдын арзан менен кымбатын» дейт эмеспи калкыбыз. Анын сыңарындай, турмушка кенен караган Байзак талантты урматтай билген, күлүктүн күлүктүгүн кулун кезинен таанып, аны таптап такшалтып өстүрө билген устат болгон. Куйручуктун, Калык ырчынын, кийин атагы алты дубанга кеткен айтылуу жумгалдык балбан кыз Сүйүндүктүн «жерде жаткан жумуртка асмандап учкан куш болорун» эртелеп баамдап, аларды канатынын алдына калкалап, кожодой колдоп, жөлөк-таяк болуп берген. Илгери дубандарда өтүп турган чоң аш-тойлор, калк башчылары катышкан чоң топтор азыркы эл аралык конгресстердей, олимпиадалардай, курултай, фестивалдардай эле улут турмушундагы маанилүү зор окуялардан болгон. Андай алыстагы чоң аш-тойлорго, чоң топторго көрүнгөн эле адам барып катыша алган эмес. Мындай үлкөн иш-чараларга барып катышуу инсан үчүн өзүнчө эле бир турмуштук мектеп болгон. Байзак Калыкты, Куйручукту, Сүйүндүктү жаш кездеринен дал ошондой чоң топторго ээрчитип, катыштырып көздөрүн ачкан, көнүктүргөн, жетилткен, мелдешке чыгарган, күрөшкө салып, эңишке түшүргөн. Сүйүндүктү Жумгалдын бир коктусунда жүргөн жеринен таап, аренага алып чыгып, балбан кыз катары Ала-Тоо аймагына тааныткан. Тулкусу сазга батып кирип кеткен уйду мүйүздөн кармап баткактан сууруп алган Сүйүндүк кыз күрөштө да, эңиште дагы эч кимден жеңилген эмес. Өз кезегинде Сүйүндүк менен Куйручук Байзакты устаты катары өтө урматташкан. Байзак ажы карыган чагында өзүнүн айтылуу жыйын дөбө­сүндө отуруп, Куйручукка мындай деген экен: 


«Куйручук, сенин басып өткөн жолуң, уккан-көргөнүңдү калпыс айтууга аракеттенбеген калыстыгыңдын аркасы менен сени эл тааныйт. Жигитим мага калыс боло албайт, анткени ал дайыма мени менен бирге жүрөт. Сен эртең менен эл арасындасың, чындык да элдин элеги аркылуу сындан өтөт. Эл арасындагы ошол электин алкагын кармагандардын бири сенсиң. Бирок, алкагын кармагандардын баары эле Куйручук боло бербейт. Сенин айдаган малың, күткөң дүнүйөң – эч кимдин бетине карабай айткан акылдуу курч сөзүң, калыстыгың. Ошол калыстык сени түбөлүккө элге сиңирип коёт». Мына ушинтип, Байзак Куйручукту терең баалап, анын улуулугуна, өлбөстүгүнө көзү жеткен. Байзак үчүн дүнүйө-мүлк эмес, чындык, акыйкат сөз, калыстык эң жогорку руханий дөөлөт болгон. Ал ушуга сыйынган.


10. Кытай императорунун кабыл алуусунда болгон Түлкү баатырдын урпагы Байзак


Акырында Байзак Тооке уулунун ата-тегине кайрылып, жыйынтык сөзгө өтөлү. Акылман Калыгул Бай уулу ырдаган тура: «Арык койдун терисин, алты ашатсаң ий болбойт, атадан жаман туулганды, ак кийизге салдырып, көтөргөн менен бий болбойт». Байзак атадан алгыр, энеден кыраан туулган жан болгон. Тукуму мыкты, илгертен ата-бабалары көкжал баатыр чыгып, эл башкарып келген. Байзактын бабасы саяк тукумунан чыккан айтылуу Түлкү баатыр. Калмактарды талкалап, Ала-Тоодон сүргөн, көчтүн жолуна жатып алган жолборсту жөө басып барып, учуна коргошун уютулган камчы менен башка чаап өлтүргөн, айтылуу Санчы сынчынын досу (Тоголок Молдонун санжырасы боюнча) Түлкү Айт уулу 1758-жылы кыргыздардан барган элчилердин курамы менен Пекинде Кытай императорунун кабыл алуусунда болуп, 3-класс­тагы чин-даражасы жана тотукуштун учу менен сыйланган (караңыз, Г.П.Супруненко. Китайские источники о киргизах в XVIII-1 пол. XIXвв.ф., 1979, 204 б.).


Ошол Түлкүнүн Качыке, Кедей, Ажыбек, Шайбек, Карагул, Көккөз деген алты уулу болгон. Качыке опсуз баатыр чыккан жана тарыхчы Белек Солтоноевдин маалыматы боюнча ал казактын Абылай ханынын баскынчылыгына каршы күрөш­тө бөтөнчө айырмаланган (атактуу ырчы Мыскал Өмүрканова ошол Качыке баатырдын чөбөрөлөрүнөн болот). Ал эми Түлкүнүн экинчи уулу Кедей жазма булактардын маалыматы боюнча кезегинде саяк уруусунун башчысы болгон. Байзак ошол баатыр Кедейдин небереси болот. Анткен менен тукуму жакшы болсо да, туурунан учуп, туш-тушка чабыттап, турмушту көрүп такшалбаса, окуп-чокубаса, тар чөйрөдө эле өзүнөн өзү аргымакча арыш керип, алдыга озуш кыйындыр. «Адамдын жаман-жакшысы туулгандан эмес, тарбиядан». «Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич» дейт эл макалы. Байзак жаш кезинен Кокондон, Кашкардан Жумгалга келген чоң молдолордон окуп, көзү ачылган. Кийин Жумгалды кесип өткөн кербендерге кошулуп, тыягы Ташкент, Бухара, Самарканд, Коконго, Мекеге дейре, быягы Үрүмчү, Үч-Турпан, Кашкар, Кулжага чейин кыдырып, шаарларды көрүп, соодагерчилик да кылып, эл таанып, жер таанып, бөлөк дүйнөнү көрүп, дүйнө таанымы, аң-сезими өсүп, ой жүгүртүүсү кеңейип, жаман-жакшыны эрте таанып, турмушка, жашоо­го бийиктен талдай кароого үйрөнгөн. Мына ошондой деңгээли жогору болгондуктан карыган кезинде Байзак жанындагылардын караңгылыгына кейип, теңтайлаш маектешкенге киши таппай, «мен эт сагынган жокмун, кеп сагындым» деп өкүнүч кылган тура. Ички жана тышкы чек араларды бөлү­шүүгө катышкан учурунда Байзактын ийгилигине анын бай турмуштук тажрыйбасы жана узун элдин учун, кыска элдин кыйырын кыдыргандагы географиялык билими жакшы көмөкчү болгон деп айтса болот.


11. Байзактын алды жакта болор нерсени көрө билген көрөгөчтүгү


Байзак алысты көрө билген көрөгөч, окумал, саясаттан кабардар болуп турган кыраакы, кеңири ой жүгүрткөн акылман киши болгон. 1914-жылы биринчи дүйнөлүк согуш чыкканда Жумгалдын Кара-Ойунда жатып өзүнчө тынчсызданып, күңгүрөнө сүйлөнүп, “балдарым, сапар карыды, ушу быйыл о дүйнө салам го дейм. Заман бузулуп турат. Ак падыша Гермен менен урушуп калды. Кыргызым падышанын амирине каралган соң биздин эл-журттун ичинде да бейпилчилик болбос. Мындан ары элди чогултуу кыйын болор, көз жумсам ашымды кошо берип койгула” деп балдарына керээз кылган экен. Жарыктык киши өзүнүн өзгөчө туюм-билгилиги менен 1916-жылкы боло турган окуяны алдын ала туйган белем! Ырасында эле ошо 1914-жылы Байзак дүйнөдөн көчүп, ашы кошо өткөрүлүп, Жумгал суусунун өйүз-бүйүзүнө көчө-көчө болуп тигилген бозүйлөр катары үч чакырымга чейин созулуп, алыс-жакындан самсып эл келип, ашты Көкүмбай менен Куйручук башкарып, чүйлүк Жаманкул ырчы жар чакырып, кыскасы, Байзак ажынын сөөгү алты түнөп, жетинчи күнү чоң урмат-сый менен жерге берилген. 


12. Байзак ажынын ашында чүйлүк Жаманкул ырчынын элдик даанышманды даңазалап ырдаганы:


Ажынын киндик каны төгүлгөн,

Жумгал-Ата кенен жер.

Алланын жазуу ушу экен,

Көз жумду ажы кеменгер.

Кушчу, кытай, көп саруу,

Кең-Кол билген ажыны

Базыс, Мундуз, Ичкилик,

Бүт сол билген ажыны.

Адигине, моңолдор,

Алай билген ажыны,

Черик, Тезек, Коңурат,

Таамай билген ажыны,

Кыжылдаган кытайдын,

Чеги билген ажыны.

Ат-Башынын, Нарындын,

Эли билген ажыны.

Дөлөс, Бугу, Шыкмамат,

Көл бүт билген ажыны.

Арым тукум, Алакөз,

Тоңу билген ажыны.

Түнкатар, Түнтөй, Кайдуулат,

Чогуу билген ажыны.

Оёдордун ордосу,

Бишкек билген ажыны,

Аңыз кылып билбеген.

Издеп билген ажыны. 

Алайдагы Алымбек,

Башта билген ажыны. 

Жалпы кыргыз жамааты,

Чогуу билген ажыны. 

Букар, Ташкен, Самаркан,

Жеке билген ажыны.

Кабаасына жүз койгон.

Меке билген ажыны.

Олуя ата, Алматы,

Болуш билген ажыны.

Чек бөлгөндө таңгалып,

Турпан билген ажыны,

Казакка чейин таанылып,

Султан билген ажыны.

Кулжа, Текес, Кара шаар, 

Кашкар билген ажыны.

Нойгут, Черик, Коңурат,

Какшаал билген ажыны.

Кыргыз-кыпчак жамааты,

Жалпы билген ажыны.

Коңшу, өзбек, казактын,

Калкы билген ажыны… 


Жаманкулдун бул ыры Байзактын ким экендигинен дагы бир жолу кабар берип, анын атак-аброюн тастыктайт.


Советбек Байгазиев, Кыргыз эл жазуучусу 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн