Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мен үчүн эң негизгиси мамлекеттин туруктуулугу. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышты

11.04.2021 13:55
1061
Мен үчүн эң негизгиси мамлекеттин туруктуулугу. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышты

Экс-президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо тилкесинде добуш берди. Тандоо жасагандан кийин Сооронбай Жээнбеков коомчулукта, журналисттерде ага, экс-президент катары суроолор көп экендигин айты.


"Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчү сөздөр көп. Бирок, азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт", - деди ал.


"Жеке мен тууралу эмне дешсе да көтөрөм, чыдайм. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, эл биримдиги мен үчүн баарынан кымбат. Дүйнөдө, биздин мамлекетте коронавируска байланыштуу экономикалык абал жеңил эмес. Дагы башка маселелер көп. Мамлекет жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан, баарыбыз тең азыр саясатты азайтып, жаратмандыкка басым жасашыбыз керек. Менин унчукпай келаткандыгымдын негизги себеби – ушул. Буйруса, сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр болот", - деп жыйынтыктады экс-президент.


Сөзүнүн соңунда Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин алдыдагы Орозо айы менен куттуктады.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Сиздин откоргон ыплас шайлоонуз дагеле болуп атат Кыжалат болбон ,мурункудай еле баары.