Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Меңди Мамазаирова, акын, драматург: “Жашыруун төрөтканаларды ачуу болбогон демилге”

30.12.2023 19:49
1143
Меңди Мамазаирова, акын, драматург: “Жашыруун төрөтканаларды ачуу болбогон демилге”


- Меңди эже, Жогорку Кеңештин депутаты ымыркайларды таштап кетүүнү алдын алуу үчүн жашыруун төрөттү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгеледи. Бул мыйзам колдоо тапса, ымыркайлар көчөгө ташталбай, таштанды челекке салынбай калабы?


- Баланын төрөлүшүн каалабаган жаш энелер төрөп, таштандыга же туалетке таштап кетип атышат. Буга альтернатива катары атайын жашыруун төрөтканаларды ачуу менен ал процесс токтобойт. Анткени, сыр жашыруун каларына ишенишпейт. Учурда эч нерсе жашыруун болбой калган мезгил. Кыргыздыкы кырк жылда... Баары бир ачылып калат.


- Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева сунуштаган мыйзам кыз-келиндердин жана эркектердин балага болгон жоопкерчилигин жоготуп койбойбу?


- Кыз-келиндердин үй-бүлө, бала төрөөдө жоопкерчилиги мыйзам менен каралышы керек. Ошондой эле эркектердин милдети да бир пайыз кем эмес болушу шарт. Бала жасаган убакта көбүнчөсү эркектер жоопкерчиликти алышсын. “Бойдогуңду мага милдет кылба. Тууп салып, таштап кетчү жайга бар!” деп корсулдап, басып кетчү эргулдар четтен чыгат. Бул жерде дагы деле аял запкы тартат. Ден соолугуна да зыян келтирет. Анын запкысы көпкө унутулбайт. Башка эркекке баш кошуп, бактылуу жашайын десе, таштап салган ымыркайы эске түшүп, психикалык жактан жабыр тартат. Толук кандуу жашай албай, тымызын бактысыздыктын сазына бата берет.


- Аталган мыйзам долбоору ишке ашса, бала саткандар көбөйүп кетпейби?


- Бул мыйзамдын опурталдуу жагы: ал жерде иштеген медициналык персоналдар алдын ала буюртма алып, баласыздарга ымыркайды пулдабасына ким кепилдик бере алат? Кайсы маалда төрөп таштап кеткенин, анын баладан баш тартышына эмне себеп болгонун ким аныктайт? Туура аныктап, тизмеге жазып турган кандай аппарат бар? Ал жерде жандуу адам иштейт. Алкымы бар да араандай ачылып турган. Керек болсо, андай жай бар экени четке чейин маалым болот. Океандын ары жагынан кардарлар чыга баштайт. Бул өтө опурталдуу иш. Акырындап отуруп, адам сатуу бизнеси пайда болсочу?

 Кыргыз өкмөтү 18ге толмоюнча никеге турууга катуу тыюуга, тууп таштап кеткендердин атасын таап, мыйзам алдында кыз-келиндерден эки эсе көп айып тарттырууга мыйзам чыгаруу керек. Таза үй-бүлө кодексин тактап, иштеп чыгып, дени сак балдар төрөлө тургандыгын түшүндүрүү зарыл. Дени сак балдар – мамлекеттин келечегин аныктайт! Ошон үчүн бул маселеде ар бир кыргыз, ар бир ата-эне, эң алды мамлекет жооптуу!

 Анан да жашыруун төрөт үйү – айласы кетип баргандардан чоң сумма акча да талап кылары бышык. Бул кыргыз медиктеринин колунан келет. Жашырынып төрөгөнгө аргасыз болгондор эч кимге даттана алышпаганынан пайдаланышат эмеспи. Ошон үчүн маселенин бул жагын да унутпаш керек. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн