Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 06:26
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Меңди Мамазаирова социалдык тармакта тараган катка кол койбогонун айтып чыкты

15.09.2021 10:14
1542
Меңди Мамазаирова социалдык тармакта тараган катка кол койбогонун айтып чыкты

Кыргыз Республикасынын Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Меңди Мамазаирова социалдык тармактарда аны колу коюлган катты көрбөгөнүн, кол койбогонун айтты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, ал митингдерге гана каршы экенин телефондон айткан.


"Бүгүн бир каттын айынан коомчулукта ызы-чуу болуп атканын билбептирмин. Кечке сьемкада жүрүп, кечинде көрдүм. Сонунбү Кадырова эк-үч күн мурда мага чалып: Эже, Туйгуналы Абдраимов ызы-чуу уюштурмакчы болуп жатыптыр, кат жаздык кол коюп бересизби деди. Мен коомдогу ызы-чуудан тажагандыктан, макул дегенмин, бирок, кол коюп берген эмесмин. Катты көргөн да эмесмин. Ал эми каттагы белгиленген инсандар мен сыйлаган инсандар. Алар тууралуу мен жаман пикир айтышым мүмкүн эмес. Жылдыз Жолдошова, Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Курсан Асановдор тууралуу мен тескери пикир билдиришим да мүмкүн эмес. Менин атымды мен көрбөгөн, мен кол койбогон каттарга пайдалана беришкени туура эмес",- деп билдирген Мамазаирова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн