Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Менин дарегиме дагы жалган материалдар чыкты. Икрамов фейк аккаунттар менен күрөшүүгө чакырды

30.01.2024 12:46
214
Менин дарегиме дагы жалган материалдар чыкты. Икрамов фейк аккаунттар менен күрөшүүгө чакырды


Биринчи кезекте фейк аккаунттар менен күрөшүү керек, деп билдирди депутат Тазабек Икрамов 30-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында.


Комитет “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат.


«Ал эми менин аброюма шек келтирген бир нече материалдар жарыяланды. Бул белгилүү бир адамдар же сайттар тарабынан таралган эмес. Бул фейк аккаунттар аркылуу тарап жатат. Биз алгач фотомонтаж менен алектенгендер менен күрөшүшүбүз керек», - деди Икрамов.


Ал жалган маалымат таратканы үчүн жоопко тартуу иштери кандай жүрүп жатканын сурады.


Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, «Фейк боюнча мыйзамдын» өзүнүн тартиби бар.


«Эгерде туура эмес маалымат же бир адамдын дарегине жалаа жабылса, ал редакцияга кайрылып, маалыматты өчүрүү же жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылат. Эгерде редакция бул кайрылууга жооп бербесе, анда ал билдирүү жана скриншоттор менен Маданият министрлигине кайрылат. Маданият министрлиги чечим чыгарып, бул маалыматты алып салууга ММКны милдеттендирет. Эгерде бул убакыт аралыгында эч кандай чечим кабыл алынбаса, анда Маданият министрлиги эки айга сайттардын ишин токтотушу мүмкүн», - деди министрдин орун басары.


Тазабек Икрамов айткандай, эгер адам өз атынан жазса, ага каршы мындай билдирүү жасалса, анда ал жоопкерчиликке тартылат.


«Бирок псевдоним менен жазгандар, же өзүнө таандык эмес сүрөтүн койгондор, анда аларды жоопкерчиликке тартууга болбойт. Бул жаатта тартипти орнотуу керек», - деди ал.


Эсенгул уулунун айтымында, бул маселе “Фейк боюнча мыйзам” талкууланып жатканда көтөрүлгөн. «Кыргызстанда фейк аккаунттар негизинен Фейсбукта. Биз өнөктөштөр менен фейк аккаунттардын тизмесин тактадык, алар көбүн өчүрүп салышты. Бул жаатта ишти улантуу үчүн биз алар менен иштей турган борбор түзүп жатабыз», - деди ал.


Ал мисал катары ТикТокту келтирди: «Иш жакшы жүрүп жатат. Биздин өтүнүч боюнча алар кээ бир материалдарды алып салышууда”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн