Бугу 08, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Менин деңгээлим жеткиликтүүбү?» деп эмнеге сурабай калдык?

07.05.2021 11:04
887
«Менин деңгээлим жеткиликтүүбү?» деп эмнеге сурабай калдык?


Саясий карьераны түптүз эле министр, депутат, алтургай президент болуп баштагысы келгендер Кыргызстанда эле болсо керек. Өзгөчө өткөн жылдагы октябрь окуясынан кийинки көрүнүш муну ачык тастыктады. Көрсө, бизде теплица иштеткенди үйрөнүп алгандар деле өкмөт башчысы болгусу келет экен. Катардагы тергөөчү болуп жүргөндөр, «Кухнядан» сүйлөп калганы үчүн эле өзүнүн деңгээлин облустук прокурорлуктан жогору коет экен. Кызматтык креслого кандай жол менен болсо да жетип алып, андан көчүк көтөрбөй отурууга баарыбыз кызыгып калыптырбыз. Мамлекеттин тагдыры талкаланып, дүйнө коомчулугуна жапайы элдей көрүнүп жатканыбызды ойлогубуз да келбейт тура. Бара калып, анан баса калып отуруп алсам эле болду, бакыйган чиновник болуп калам деген ойго жетеленип калыптырбыз.


«Мен киммин, билимим кандай, ушул жетекчилик кызматты тартып кете аламбы, уят болуп калбаймбы?» деген суроолорду өзүнө берген киши жок. Айрымдары уялбастан «Мени ушул кызматка кыйнап алып келишти» деп да жиберишти. Креслого отуруу, галстук тагынуу, чиновникче каада күтүү оңой эле, бул жагынан кыргыз тубаса актер. Бирок, ошол кызматты элдин, мамлекеттин кызыкчылыгында тартып кетиш таптакыр башка маселе да.


Мисалы, теплица иштетип жүргөн тестиер бала өкмөт башчы болуп калса эмне болмок? Аны менен коңшулаш өлкөлөрдүн өкмөт башчылары олуттуу сүйлөшөт беле? Алар олуттуу түр жаратып коюшса деле, тажрыйбасы жок жигит өкмөттүн ишин өргө эмес, көргө сүйрөп кетмек эмес деп ким айта алат? Коңшу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары, министрлери узак жылдык тажрыйбалары бар, билимдүү, жедеп алчы-таасын жеп калган кадрлар. Анан алар менен өкмөттөр аралык келишимдерди түзүүдө оңой эле алдануу болуп калбайт болчу деп айта алабызбы?


Биз ушунчалык кадрдык таңкыстыкка тушуктукпу? Ырас, кадр даярдоо саясаты «өлгөнүнө» көп болду. Бирок, ар бир министрликте узак жылдардан бери талыкпай эмгектенип, тажрыйба топтоп, бирок амбициясын тыйып жүргөн кадрлар жок эмес. Алар көкүрөк койгулап популист болбойт, кооз сүйлөбөйт. Ошондон улам аларга көңүл бурган жан жок. Анан эле көбүрүп-жабырып бакыра алгандар, кооз сүйлөгөндөр өздөрү эч нерсе билбей турса да, ошол тажрыйбалуу кадрлардын үстүнөн жетекчи болуп калышууда.


Жеке амбиция, популизм деген нерселер тыйылбаса, мамлекетибиздин түбүнө ошолор жетет. Андыктан эртерээк эсибизге келели. Кеп жаш куракта эмес, кеп тажрыйбада, билимде жана кесипкөйлүктө. Кызматка дайындалып калганда эле калп эле акылдуудай түр жарата бергендиктин арты жакшы болбойт. Ар бирибиз өзүбүзгө «Менин билимим, тажрыйбам, деңгээлим кандай?» деген суроону берип, ага реалдуу жоопту да өзүбүз даярдап көрөлү. Колубуздан келбеген кызматка тырышпайлы, жутунбайлы. Себеби, жогорку мамлекеттик кызматтардын баары мамлекеттин жүзү болуп саналат. Президент, министрлер кабинетинин төрагасы, спикер, министр дегендер чет өлкөлөрдүн ушул эле кызматындагылар менен бирдей деңгээлде сүйлөшө ала тургандай болушу шарт. Эл аралык келишимдер, сүйлөшүүлөрдө чала сабаттыгын, билимсиздигин көрсөтүп отурса, өзүн эле эмес, бүтүндөй өлкөнү уяткарат. Ушул нерсе ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жеткенде гана бизде үлкөн кызматтарды гана көксөгөндөр кыйла азаят эле. Ошондо гана билим жана тажрыйба топтоо маанилүү экени алдыңкы орунга чыкмак.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн