Бугу 21, 2025
Убакыт: 15:47
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

“Менин шаарым” мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду

21.05.2025 09:38
22
“Менин шаарым” мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду


“Менин шаарым” мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду.


Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, жаңы функция аркылуу колдонуучулар туура эмес токтотулуп, эвакуацияланган автоунаалар тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрө алышат.


Эми шаар тургундары өздөрүнүн автоунаасынын кайда экендигин жана эвакуация кызматтары менен байланышуу маалыматтарын тез арада билишет. Бул шаардык кызматтардын ишин ачык-айкын кылууга жана жарандар менен муниципалдык органдар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган.


Функция кантип иштейт?


“Кызматтар” бөлүмүнүн “Эвакуатор” функционалдык модулунда колдонуучулар автоунаасынын мамлекеттик номерин киргизишет. Эгер автоунаа эвакуацияланган болсо, тиркеме анын учурдагы жайгашкан жерин картадан көрсөтүп, токтотулган атайын аянттын дарегин берет.


Жаңы функцияны колдонуу үчүн “Менин шаарым” тиркемесинин акыркы версиясын жүктөп алуу керек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн