Жыл сайын 8-мартта жалпы аял затынын майрамы белгиленет. Бул күнү жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүбүздү энелерибизге, эже-карындаштарыбызга, өмүрлүк жарыбызга, кыздарыбызга арнайбыз. Аларга белек-бечкегибизди тартуулайбыз. Быйыл дагы ушундай эле көрүнүш кайталанды: көпчүлүк шатыра шатман, көңүлдөр айттагыдай. Ал эми мен негедир апам тууралуу жазгым келди. Оюм ушул багытка бурулуп туруп алды.
Ар кимибиз үчүн апабыздан өткөн мыкты, идеалдуу адам жок. Апабыз гана көзүбүзгө баарынан мээримдүү, баарынан сүйкүмдүү, баарынан өзгөчө көрүнөт. Ошого жараша энелерге жогорку деңгээлде сый мамиле жасалып жатабы? Бу суроонун жандырмагы, албетте, ар бирибиздин абийирибизден көзкаранды...
Апамды төркүнү тарап Шыкын дешсе, атам Сакы деп кайрылат. А биз үчүн жашообуздун маңызы, түндүгүбүздү түшүрбөй көтөрүп турган түркүгүбүз. Токтогулдагы үйүбүздүн очогун өчүрбөй келаткан шам чырагыбыз. Апам жөнүндө томдогон роман жазса дагы аздык кылат. Азырынча өмүр жолубуздагы урунттуу учурлардан учкай кеп салайын дедим.
***
Апам жалпысынан жети баланы жарык дүйнөгө алып келген. Эгиз кыздары (Апал менен Үпөл) бир айлыгында чарчап калышыптыр. Бешөөбүздүн ичинен, өзгөчө, мен төрөлгөндөн тартып апамды көбүрөөк кыйнап, убайымга салыптырмын. Төрт баласын чоңойтуш бир тең, мени караган бир тең болуп, чындыгында катуу түйшүк тартканын кичинеден түшүнө баштадым. Эненин ак сүтүн акташ мүмкүн эмес экенин эске алганда, мен эки дүнүйөдө апамдын ак сүтүн, мага деген камкордугун, санаага жык толгон, аяр эмгекке ширелишкен уйкусуз түндөрүн актай албашым айдан ачык.
***
26 жыл мурда биздин үй-бүлө тагдырдын оор сыноосуна тушукканда атам менен чогуу апам маанилүү ролду ойноду. Жараткан бизге боор ооруду өңдөнөт. Анан апабыздын кайраттуулугу, сабырдуулугу, эмгекчилдигинин аркасында балакеттен кутулдук. Беш жылга созулган азаптуу мезгилдин ичинде апам: “Мен кыйналып жатам, өлгөнү калдым, кокууй!” деп бир дагы жолу кейип-кепчиген жок. Көз жашын көлдөтүп, сыздап-боздоп, тагдырына наалат айткан жок. Эгерде анын ордунда бөлөк бирөө болгондо, балким, аялдык назиктигине, алсыздыгына салып, күйөөсүнүн мээсин жеп, бала-чакасын кошо курутмак беле дейм.
“Ошонун баарын кантип жеңдиңиз?” деп сурасам, “Атаң экөөбүз карыздан таза кутулуп, балдарыбызды эрезеге жеткирип, анан өлсөм арманым жок эле” деп Кудайга күнү-түнү жалынып жалбарганын айткан эле. Анан азаптуу күндөр да өтөөрүн, балдары чоңоюп, эмгегин акташарына бекем ишенгенин кошумчалаган.
***
Биздин жогорку билимге ээ болушубузга, айрыкча, агам экөөбүздүн журналистикага аралашып калышыбызга атамдан кийинки эле апамдын салымы чоң. Атам баш болуп, калганыбыз төш болуп дипломдуубуз. Бизден апам гана университеттин босогосун аттаган эмес. Апам жогорку билимдүү болгондо, бакыйган облусту же министрликти “кыңк” эттирбей башкарып, гүлдөтүп коймок.
***
Айылга барганда апам менен узакка сүйлөшүп отурмайыбыз бар. Кээде кантип таң атып кеткенин байкабай калабыз. Апам менен баарлашуу бизге чексиз энергия тартуулайт, андайда кадимкидей маанайыбыз ачылып, жашоого деген сүйүүбүз артат. Ичибиздеги сырыбызды, кимгедир таарынычыбызды, ызабызды, арманыбызды төгүп алабыз. Апабыз ошонун баарын унчукпай угат. “Эч кимге карасанатайлык кылба, балам, бул күндөр дагы өтөт” деп кыска сөзү менен көңүлүбүздү жайгарат.
***
Биз бала кезде ата-энебиздин бөлмөсүнө кирчү эмеспиз. Атам уктап жатканда үйдө чымындын учканы угулуп турар эле. “Атаңар уктап жатат, ызылдабай тынч отургула” дечү. “Атаңар ооз тийгенден кийин гана тамагыңарды ичкиле” дечү.
Азыр дагы айылга барганыбызга ушул эрежелер бекем сакталат. Мындан өткөн аялдын күйөөсүнө болгон сый-урматы, атанын кадырын көтөргөн мамилеси болбосо керек!
***
Кандайдыр бир ийгилик жаратып, ойдогудай жашоого жетишкен болсок, муну ата-энебиздин жемиши деп билем. Ата-энебиздин адал эмгегинин аркасында Жараткан бизге оң көзүн салып, жакшылыгын ыроолоп жатканы ырас. Келечекте балдарыбыз биздин көчтү улап кетсе, ошол биздин чыныгы ийгилигибизге айланары калетсиз.
***
Апамдын кайраттуулугу, сабырдуулугу, даанышмандыгы, тууганчылдыгы, күйүмдүүлүгү, боорукердиги, деги койчу, апамдагы сапаттардын 10%ы эле кишилерде болгондо кандай кыйынчылыкка тушукпасын, чым этип койбостон жеңишке жетишмек. Адамдардын ортосундагы алака бекемделмек. Эрди-катындын ортосунда ысык мамиле, кыскасы, Жер үстүндө бейпилдик орномок.
***
Мен айрымдарга жаксам, айрымдар мени сыртыман жаман көрүп жүргөндүр. Кимдир бирөөлөр үчүн өтө начар кишидирмин. Кечээ эле мен тууралуу жакшы пикирдегилердин бүгүн ою өзгөргөндүр. Кээлери менден алыстап, кээлери карым-катышты таптакыр токтотуп салгандыр. Кээлери менин эртеңимен үмүтүн үзүп, тизмесинен чийгендир. Албетте, мунун баары бул жарыкчылыктагы табигый көрүнүш. Ал эми мен апам үчүн кандай кырдаал болбосун сүйкүнчүк Нукусумун. Он сегиз миң аалам бирдей мага далысын салып, кашайып каршы чыкса дагы, апам менден жүзүн үйрүп кетпейт.
Мен адамдарды алдашым мүмкүн, адамдар мени дагы алдашы ыктымал. Апамдын мындай “жалганчылыгы” бар: “Бизде баары жакшы, балам. Оору-сыркоодон алыспыз, акчабыз кеңири. Оокат ашыбыз жетиштүү”.
Башкасы түңүлсө дагы, апам мени алдыда жакшы заман, жаркын келечек күтүп турганына бекем ишенет. Кандай катачылык кетирбейин, апам баарын туура түшүнөт.
Менин амандыгымды дайыма Кудайдан тилейт! Апамдын жападан жалгыз мага болгон кызыкчылыгы ушул.
Эң башкысы, мен анын уулу экениме сыймыктанат жана мен үчүн эч качан, эч кимдин алдында уялбайт!
***
Апабыздын ден соолугунун бекем болушун Жараткандан жалбарып суранабыз. Оорубаңыз, апа! Жок дегенде таенебиздин жашына жете жашап, атам экөөңүздөр уулдарыңыз менен кыздарыңыздын сыйына бөлөнүп, неберелериңиздин жакшылыгына ортоктош болуп, чөбөрө жытын искеп, бактылуу карылыктын доорун сүрүңүздөр!
Нурканбек Керимбаев
Пикирлер (1)