Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

«Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасы бекитилди

15.07.2021 20:56
1243
«Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасы бекитилди


Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын бекитти.


Чечимге ылайык, “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы бекитилип, аталган программанын катышуучуларын тандоо тартиби аныкталды.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015–2020» программасынын катышуучуларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021–2026» турак-жай программасынын катышуучуларынын тизмесине киргизилген.


Чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Шавкатбек
Аябай эле жакшы болуптур.Мага~даа үй 🏡 насип кылса аябай эле жакшы болмок.