Филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо өлкөсүндө президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу анын мурдагы промоутери Боб Арумга көрсөтмө берип дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
“Менни Пакьяо алгачкы мушкер президент болот. Мен ал менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда: “Боб мен 2022-жылы президенттик шайлоого катышканы жатам, менин инаугурациямда сенин болушуңду каалайм”, - деп Арумдун айтканы келтирилет.
Пакьяо профессионалдык рингде 8 салмакта чемпион атыккан. 41 жаштагы мушкер 2007-жылдан бери саясатка активдүү катышып келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн