Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:12
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Мэр Бишкектен троллейбустар эмне үчүн алынып жатканын түшүндүрдү

15.07.2024 16:46
123
Мэр Бишкектен троллейбустар эмне үчүн алынып жатканын түшүндүрдү


Бишкекте троллейбус менен жүргөн жүргүнчүлөрдүн саны азаюуда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев "Ала-Тоо 24" телеканалындагы маегинде билдирди.


Анын айтымында, 2023-жылдын беш айында троллейбустардагы жүргүнчүлөрдүн агымы 11,7 миллион адамды түзсө, быйыл сегиз миллионго гана жеткен.


"Троллейбустарды автобустар менен электробустарга алмаштырууга айрымдар эмнеге мынчалык каршы болуп жатканын түшүнбөйм. Жол тыгынга байланыштуу көптөгөн каттамдарды өзгөртүүгө туура келип жатат. Бирок троллейбустардыкын антип өзгөртө албайсың. Айрымдар троллейбустар эң арзан транспорт деп ойлошот, чынында андай эмес. Мисалы, 1200 автобуска мэрия кетирген чыгым (субсидия) 638 миллион сомду түзсө, 115 троллейбуска 205 миллион сом бөлүнөт", — деди Жунушалиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн