Мен өзүмдү жарнамалап иштебейм, мени издегендер жаңы конуштардан табасыңар. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, ал мурдагы мэрлерге окшоп, өзүн жарнамалабайт.
"Биз мурдагы Бишкекти башкарып турган кызматкерлердей өзүбүздү өзүбүз жарнамалап, социалдык медиага чыга бербейбиз. Мэриянын ишин таанытуу үчүн атайын басма сөз кызматы бар. Мени издеген блогерлер жаңы конуштарды кыдырып жүргөн жеримен таба алат", - деди Жунушалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн