Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мэр: Спорт залдарга келген кардарлардын документтери 4 жумага чейин сакталышы керек

23.05.2020 11:43
1003
Мэр: Спорт залдарга келген кардарлардын документтери 4 жумага чейин сакталышы керек


Спорт залдарга келген кардарлардын документтери 4 жумага чейин сакталышы керек. Бул тууралуу 23-майдагы брифингде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

 

Анын айтуусуна караганда, машыгууга келген жарандарга толугу менен коопсуз шарт түзүп берүү керек.


Бишкек шаарында фитнес-клубдарга, бассейндрге жана спорт залдарга иштөөгө уруксат берилди. Алар машыгууга келгендерге 1,5 метрлик аралыкты сактоого, антисептиктер менен камсыз болууга шарт түзүп берүүлөрү керек. Келген кардарлардын жана кызматкерлердин дене табы текшерилип туруусу шарт. Мындан сырткары санитардык эрежелер толугу менен сакталуусу керек. Машыгууга келген кардарлардын өздүгүн тактап, алар тууралуу маалыматтар жок эле дегенде 4 жумага чейин сакташы керек”, - деди Суракматов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн