Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 06:18
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мэр өзүнүн оюн айтты. Баары мыйзам чегинде чечилет, - Зулушев Ататүрк паркындагы курулуштар боюнча

17.04.2024 14:32
109
Мэр өзүнүн оюн айтты. Баары мыйзам чегинде чечилет, - Зулушев Ататүрк паркындагы курулуштар боюнча


Ататүрк паркындагы курулуш боюнча мыйзам жол берсе келтирилген чыгымдар өндүрүлөт. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында бир катар депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевден Ататүрк сейил багы боюнча сурашты. Ырысбек Атажанов ошол жерлерди мыйзамсыз берген мэрлердин эсебинен парктагы жерлердин ээсине кенемте берүү маселесин чечүү керектигин сунуштаган.


"Мэр өзүнүн оюн айтты. Бирок мунун баары мыйзам чегинде чечилет. Андан бери 30 жылдай убакыт өтүп кетти. Мыйзамда мөөнөт деген бар. Эгер мөөнөтү өтпөсө, убагы болсо жоопко тартабыз. Чыгымдарды да өндүрөбүз, бирок мыйзам жол берсе гана. Мыйзам деген мыйзам", — деди Зулушев.


Ошондой эле ал соңку жылдарда жерлерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга жакшы сабак болгонун билдирип, эки жылдан бери 41 социалдык объект тиешелүү жер тилкелери менен мамлекетке кайтарылганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн