Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:44
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Мэр үч эм төрөгөн энеге 90 миң сом тапшырды

08.09.2022 13:18
416
Мэр үч эм төрөгөн энеге 90 миң сом  тапшырды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын июль айында эки уул жана бир кыз үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды.



Мэр үй-бүлөгө чың ден соолук, жакшылыктарды  каалап, 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.

Эске салсак, Сатымкулова Нурзада Көчөркановна  27-июль күнү саат 18:15те Шаардык перинаталдык борбордо көз жарган. Биринчи баланын салмагы 1995 гр, бою 45 см, экинчиси кыз 1990 гр, бою 45 см, үчүнчү эркек баланын салмагы 1885 гр, бою 44 см. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай ысымдары коюлду.

Бишкек шаарынын мэриясы үч эмдин ата-энелерин балдарынын бешик боосу  менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук, бардык жакшылыктарды, ал эми апасынын тезирээк тыңып кетишин каалайт!


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн