Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 16:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Мэр япон элчисине Бишкектеги мектептердин бирине япон классын ачууну сунуштады

03.08.2022 10:15
466
Мэр япон элчисине Бишкектеги мектептердин бирине япон классын ачууну сунуштады

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты.


Өз кезегинде элчи «Run the Silk Road» Бишкек эл аралык жарым марафонун жана Япония күнү фестивалын өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Мэр шаардык муниципалитет мындай иш-чараларды өткөрүүгө ар дайым колдоо көрсөтүп, борбор калаада спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.


Кошумчалай кетсек, борбор калаанын мэри Бишкек шаарындагы курулуп жаткан мектептердин бирине япон классын ачуу сунушун киргизди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн