Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:11
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Мэрдин милдетин аткаруучу Кудайбергеновдун жубайы кошунасынын жерин ээлеп алууга айыпталууда

30.03.2021 13:24
1034
Мэрдин милдетин аткаруучу Кудайбергеновдун жубайы кошунасынын жерин ээлеп алууга айыпталууда

Бишкек шаарынын мэриясы мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун жубайына карата  соттук териштирүүнү кайтарып алган жок. Бул тууралуу Kaktus.media агенттиги билдирди.


Бишкек шаарынын тургуну Марат Акматалиев жер тилкесин сатып алып, үй куруу үчүн каражат топтогон. Качан гана 5 үй-бүлө үчүн  турак жай курмакчы болгондо, анын жеринин бир бөлүгү азыркы мэрдин милдетин аткаруучу  Бактыбек Кудайбергенов жана анын жубайы Динара Доконова тарабынан тосуп алынган. Акматалиев эмне үчүн мындай болгонун, анын жеринин чектери өзгөргөндүгү жөнүндө  органдарга кайрылган. Анын дагы бир кошунасы  Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин кызматкери Рыскул Боронбаев өзүнүн үйлөрүн төрт участокко кургандыгын аныкталган. 


Тараптардын соту 2 жылдан бери уланып келет. Бишкек мэриясы да Акматалиевдин мыйзамдуу жерлерине ээлик кылып алганы үчүн Кудайбергеновдун жубайын сотко берген. Бирок алар азырынча ээлик кылып алган жердеги имаратын буза элек.

Мэрдин жубайы ээлеп алган жердин аянты 123 кв. метр жерди түзөт. 

Октябрь райондук соту 2020-жылдын декабрь айында мэриянын пайдасына чечим чыгарган. Бирок мэрдин жубайы Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылгандыктан сот дагы деле уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн