Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мэрия вице-мэрдин үйүнүн жанындагы мушташтын видеосун таратты

29.05.2020 10:28
1436
Мэрия вице-мэрдин үйүнүн жанындагы мушташтын видеосун таратты


Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев эч кимди сабаган эмес. Бул боюнча видео жаздыруу бар, деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.


Буга чейин Алмаз Бакетаевдин өзүнүн үйүнүн жанынан Ч.М. аттуу жаранды сабагандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. “Мындай маалымат чындыкка дал келбейт”, - деп белгилейт мэрия.


Алардын билдирүүсүндө, ошол жердеги видео жаздырууну алышкан. "Анда көп балдар, аялдар жүргөнүн көрүүгө болот жана эч кандай кимдир бирөөнүн сабалганы байкалбайт”, - деп кошумчалады мэриядан.


Бирок видео байкоодон так ошол окуя болгон учур көрүнгөн эмес. Подъездден бир топ эркек кишилер чыгып жатканы, алардын ичинен бирөөсү канаган бетип сүртүп жатканы байкалат.


“Такталбаган маалымат биринчи вице-мэрдин репутациясына зыян алып келет жана ал өзүнүн ар намысын, кадыр-баркын мыйзамдын алкагында коргой турганын жашырбайт. Конституциянын 29-беренесине ылайык ар бир жаран жеке жашоосунда кол тийбестикке жана абийирин сактоого укуктуу. Жарандык кодекстин 18-беренеси боюнча ар бир жаран эгерде анын жеке абийирине, кадыр-баркына жана иш репутациясына доо кетирсе, айтпай туруп жалган маалымат таратса моралдык зыян тартканы үчүн сотко кайылып, келтирилген зыянды талап кылууга укугу бар”, - деп айтылат мэриянын маалыматында. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн