Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Мэрия 11-кичирайондогу гараждардын алынышы боюнча түшүндүрмө берди

30.03.2022 14:11
488
Мэрия 11-кичирайондогу гараждардын алынышы боюнча түшүндүрмө берди

Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдиргендигин мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.


Маалыматка ылайык, мэр биринчи кезекте аймакты гараждардан бошотуу шаардыктардын кызыкчылыгына жана унаа тыгындарын жоюуга багытталгандыгын белгиледи.


Белгилей кетсек, 2017-жылы сот гараж ээлерине эскертүү берген. Үй ээлери гараждарды демонтаждоону бир жыл мурун алышкан, бирок алар эскертүүнү аткарышкан эмес. Буга байланыштуу мэриянын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы гараждарды демонтаждоо иштерин баштады.


Эске сала кетсек, 1972-жылы шаардын ар кайсы жерлеринде, анын ичинде Аламүдүн каналынын боюндагы 11-кичирайондо 1,5 гектар аянтты ээлеген 3400 унаа токтотуучу жайга унааларды убактылуу жайгаштыруу үчүн жерлер бекитилген. Андан кийин №20 гараж-курулуш кооперативи уюштурулган.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн