Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Мэрия: Бишкекте мыйзамсыз илинген жарнактарды алуу иштери уланууда

15.07.2022 17:54
458
Мэрия: Бишкекте мыйзамсыз илинген жарнактарды алуу иштери уланууда


Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү жана жер пайдаланууну иретке келтирүү боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, инспекторлор Чүй проспектисинин Ауэзов жана Көлбаев көчөлөрүнүн боюндагы 20 уруксатсыз илинген көрнөк жана баннерлерди алып салышты.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө Токомбаев көчөсүндөгү N19/1 үйдүн жанындагы тосмолор, балмуздак сатуучу стенд жана 2 промо стенддер жарактан чыгарылды.

Инспекциянын иши боюнча суроолор болсо төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн