Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мэрия: Бишкекте тойканалар жабылат

05.11.2020 10:36
1519
Мэрия: Бишкекте тойканалар жабылат

Борбор калаада жайгашкан тойканалар 15-20 күнгө жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев билдирди. 


"Биз буга чейин жарандарга, тойкана ээлерине да эскертүүлөрдү берип келдик. Алар уккан жок. Шаарды коркунучка алып келишүүдө. 3 миң сом айып пул төлөп коюп эле, кайра иштеп жатат. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Андыктан тойканаларды жабуу боюнча чечимди бүгүн кабыл алабыз. Ал эми кайсы күндөн баштап жабылары эртең билинет. Тойканалар менен бирге санитардык эрежелерди сактабаган компьютердик клубдар жана түнкү клубдар жабылышы мүмкүн" -деп маалымдады мэр Түлөбаев. 


Белгилей кетсек, Бишкекте акыркы кезде коронавирус оорусун жуктургандардын саны кайрадан көбөйө баштаган.


https://www.super.kg/kabar/news/331615/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн