Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мэрия Маданият министрлигине айып пул салды

06.04.2023 14:30
333
Мэрия Маданият министрлигине айып пул салды

Шаарды көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү улантууда.


Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей,  Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлдү.


Ошондой эле, ушул эле берене боюнча жазалар «Эмгек резерви» Республикалык маданият жана спорт борборуна да тиешелүү. Эки уюмга тең 13 миң сомдон айып пул салынат.


Материалдар административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн