Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мэрия Панфилов паркындагы курулуш боюнча түшүндүрмө берди

22.03.2023 13:15
201
Мэрия Панфилов паркындагы курулуш боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэриясы Панфилов паркындагы курулуш боюнча түшүндүрмө берди. 


Мекеменин маалыматына ылайык, паркта балдар үчүн бардык стандарттарга ылайыкталган ашкана курулууда. Айланасында көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Буга чейин 24 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулуп, жаңы газон себүү пландалууда.


«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы сүрөтчүлөр галереясынын жанындагы гүлзарлардын жаңы дизайнын иштеп чыкты. Ишкана жаңы долбоордун негизинде Бишкек баатырдын эстелигине карай гүлзарлардан роза гүлдөрүн көчүрдү. Учурда жерди ландшафттык дизайнга даярдоо иштери жүрүп жатат.


2021-жылы Свердлов районунун муниципалдык администрациясы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте “Ак-Эмир” кичи базарынын жанына башаламан сооданы жоюу үчүн бетон гүл идиштерин орноткон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн